super.kg logo
  Саясат  

Парламент президенттин башкы прокурорду кызматтан бошотуу сунушун колдоду

 

Бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеңеш президент Сооронбай Жээнбековдун башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан бошотуу сунушун колдоду.

Башкы прокурор Индира Жолдубаева өзү жыйынга катышкан жок. Анын катышуусу жок жыйындын өтүшү боюнча арызы келгенин төрага Дастанбек Жумабеков билдирди.

Президенттин сунушун президенттик аппараттын жетекчиси Мухаммедкалый Абылгазиев окуду.

Депутаттардын ичинен Жолдубаеванын кызматтан кетишине "макул" деп 105 депутат, "каршы" деп 2 депутат добуш берди.

Айта кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан бошотуу тууралуу сунушун парламенттин аталган комитетине жөнөткөн.

6-апрелде Башкы прокуратуранын бир жылдык отчётун "Ата Мекен", "Республика-Ата Журт" фракциялары "канааттандырарлык эмес" деп табышкан.

Маалымат үчүн: Индира Жолдубаева башкы прокурор болуп 2015-жылдын 29-январында дайындалган. Ага чейин 2010-2015-жылдар аралыгында президенттик аппараттын укуктук камсыздоо, соттук реформа жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмдөрүндө иштеген.

Индира Жолдубаева 1979-жылдын 11-апрель күнү төрөлгөн. Бүгүн анын туулган күнү.






Парламент президенттин башкы прокурорду кызматтан бошотуу сунушун колдоду

Автор: Мундуз Нурланбек уулу
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: