super.kg logo

Мамлекеттик мүлк башкаруу фондунун мурдагы төрагасы Болсунбек Казаков камакка алынды

 

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы төрагасы Болсунбек Казаков камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Болсунбек Казаков 10-апрелде 304-берене (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 307-берене (менчиктештирүү, салыктык, бажылык же лицензиялык ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу) менен айыпталып кармалган.

Маалыматка ылайык, ал экс-президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык болгон деп айтылган 48 VIP-коттеджди арзан саткан деп айыпталууда.

Белгилей кетсек, сентябрь айынын аягында "Идеал Хаус" ЖЧКсына таандык объектилер боюнча аукцион өткөрүлүп, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына жакын жерде жайгашкан 48 VIP-коттедж 142 миллион сомго сатылган. Баштапкы баа 240 миллион сом менен башталып, кийин 130 миллион сомго түшүрүлгөн. 12 гектар жерди ээлеген жана мурда Бакиевдерге тиешелүү болгон 48 коттедждин сатылышы боюнча өкмөттүн дарегине түрдүү сөздөр айтылып келет.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(6)
11.04.2018. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Четинен камаса экен.Камап эле тим болбостон мамлекеттен жегендерин кустуруш керек булардын балыктарын эсептеп келсен баары эле мамлекеттин акчалары.Ар бир чондордун байлык мулкун мамлекетке откорсо ошол жегендерин,бюджетке кыйла акча тумок
11.04.2018. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ойлодум эле акчам жок болсо дагы, эмнеге мынча арзаан деп!
11.04.2018. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мурунку конок, кийинки конокту суйбойт болбуп, бирин бири чукумай башталды.
11.04.2018. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
камайт кайра чыгарат жон эле шоу болуп калды мынтип отурсак Кыргызстаныбыз эч эле онукпойт
11.04.2018. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Камаса камасын, бирок мага кызыгы ал жер кантип Бакиевдики болуп калды экен,
11.04.2018. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз минтип отуруп алып ар кайсыны жазып, суйлосок эч онукпойбуз. Ар бир нерсени озубуздон баштасак айлана чойрону булгабай жол эрежесин бузбай. Ар бирибиз эртенки куну бийлике келип калшыбыш мумкун. Ошондо кором досун тууганын кобойот. Ошого даяр болуш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: