УКМК: "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмун интернет аркылуу жайылткан адам кармалды"
Бишкек шаарында "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмун интернет аркылуу жайылтуучу адам кармалды. Бул тууралуу мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 10-апрелде Т.У. аттуу 22 жаштагы адам "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун (ДЭУ) демилгечи мүчөлөрүнүн бири катары кармалган.
"Т.У.нун Кыргыз Республикасынын интернет-мейкиндигинде тыюу салынган "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун материалдарын социалдык тармактарга мыйзамсыз жайгаштырып, экстремисттик сайттарды редакциялоочу модератор болгону аныкталды. Санкцияланган тинтүү иштерин жүргүзүүдө, кармалган адамдын жашаган жеринен экстремисттик мазмундагы басма жана электрондук адабияттар, мобилдик телефондор, модемдер, ноутбуктар табылды. Бардык таап алынган материалдар Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга дин таануу экспертизасын өткөрүү максатында жиберилди", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Аталган иш боюнча 299-берене (Экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, жайылтуу, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисттик же террористтик уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайлап колдонуу) менен кылмыш иши козголгон.
Учурда тергөө жүрүп жатат.


Биз чынында ыймандашып жатабызбы же исламдашып жатабызбы. Эгер исламдашып кетсек анда шоорубуз бутту дей бер. Кыргыздар тышкы араб иран ислам кучторунун буйруктары менен жашап калабыз. Ошондуктан дин бул ыйман - деп кыйкырып коюшуп, биздин ан сезимибизге жалан башка элдердин идеясын тануулап жатышкандай сезилет.