super.kg logo

ТЕСТ: Океандар тууралуу билесизби? Жер бетинин теңинен көп аянтын ээлеген мейкиндик жөнүндө билимиңизди текшериңиз

 

Бүгүн, 8-июнь - Океандардын бүткүл дүйнөлүк күнү. Эл аралык деңгээлде океандар күнүн белгилөө маселеси расмий түрдө Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн саммите көтөрүлүп, Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы 2009-жылдын 9-февралында бул датаны майрам күн катары жарыялаган. Жер бетинин тең жарымынан көбүн ээлеген мейкиндик тууралуу канчалык биле турганыңызды төмөнкү тест аркылуу сынап көрүңүз.


кошулду





1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

Океандар менен курчалган эң кичинекей материк?

Океан суулары менен курчалган эң кичинекей материк - Австралия.

Кийинки суроо


Австралия
Япония
Исландия

Төрт мамлекеттин талашында калган "Роколл" аска-аралы кайсы океанда орун алган?

Ирландия, Исландия, Улуу Британия, Дания өлкөлөрү талашкан "Роколл" аска-аралы Атлантика океанында жайгашкан. Узундугу 23 метр, жалпы аянты 570 чарчы метр болгон аска атылган жанар тоонун калдыгынан пайда болгон.

Кийинки суроо


Атлантика океанында
Түштүк океанында
Инд океанында

Тарыхта эң ири цунами кайсы океанда, кайсы жылы болгон?

Тарыхта суу астындагы жер титирөөдөн улам ири цунами Инд океанында 2004-жылы болгон. Океандан көтөрүлгөн суунун бийиктиги 30 метрге чейин жетип, андан Шри-Ланка, Индонезия, Таиланд жана Индия өлкөлөрүнүн жээгине жакын жайгашкан аймактар жабыр тарткан. Жалпысынан 235 миң адам каза болуп, 10 миңден ашуун адам белгисиз жоголгон, миллиондон ашуун жаран үйсүз калган.

Кийинки суроо


Түндүк муз океанында, 2009-жылы
Тынч океанында, 2011-жылы
Инд океанында, 2004-жылы

Океандын ары жагындагы өлкөлөр деп кайсы мамлекеттерди айтабыз?

Күнүмдүк турмушта, массалык маалымат каражаттарында көпчүлүк океандын ары жагындагы өлкөлөр деп АКШ, Канада, Мексика жана аларга жакын жайгашкан башка мамлекеттер айтылат.

Кийинки суроо


Япония, Кытай, Түштүк Корея
АКШ, Канада, Мексика
Орусия, Латвия, Литва

Кыргыз өлкөсүнө кайсы океан жакын?

Кыргыз өлкөсүнө Инд океаны жакын. Экөөнүн аралыгы 2 миң чакырымды түзөт. Ал эми Атлантика океаны болжол менен 5 миң чакырымдан ашуун, Тынч океаны 3 миң 700, Түндүк муз океаны 2 миң 600 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Кийинки суроо


Атлантика океаны
Түндүк муз океаны
Инд океаны

3 океан менен чектешкен мамлекеттер кайсылар?

Тынч, Атлантика жана Түндүк Муз океандарынын жээктери менен Орусия, Канада, АКШ жана Норвегия мамлекеттери чектешет.

Кийинки суроо


Панама, Мексика, Чили, Исландия
Орусия, Канада, АКШ, Норвегия
3 океан менен бирдей чектешкен мамлекет жок

Тынч океан деген аталышты кайсы окумуштуу койгон?

Атактуу деңиз саякатчысы Фернан Магеллан экспедиция жасоо үчүн Тынч океаны менен баратып анын тынчтыгына, жайбаракаттыгына таасирленип "тынч экен" деп сүрөттөгөн. Мындан улам Тынч океан деп аталып калгандыгы айтылып келет.

Кийинки суроо


Дмитрий Менделеев
Фернан Магеллан
Христофор Колумб

Океандар жер бетинин канча пайыз аянтын ээлейт?

Океан суулары жер бетинин 71 пайыз аянтын түзөт (болжол менен 361 миллион чарчы километр).

Кийинки суроо


87 пайыз
71 пайыз
90 пайыз

XX кылымдагы эң чоң деңиз кырсыгы деп тарыхта калган "Титаник" лайнери кайсы океанда чөккөн? Ал кырсыктан канча адам тирүү калган?

1912-жылы 15-апрелде Улуу Британиядан Нью-Йорк шаарына бараткан 1496 жүргүнчүсү бар "Титаник" кемеси Атлантика океанында кырсыкка кабылып, сууга чөгүп кеткен. Кырсыктан 712 адам аман калган

Кийинки суроо


Тынч океанында. Тирүү калгандар болгон эмес, көпчүлүгү жээкке жетпей тоңуп калган
Инд океанында. 1000ге жакын адам тирүү калган
Атлантика океанында. 712 адам тирүү калган

Абада учкан учактар, сууда жүргөн кемелер дайынсыз жоголгон Атлантика океанындагы эң сырдуу жер эмне деп аталат?

Атлантика океанындагы эң сырдуу жер "Бермуд үч бурчтугу" деп айтылат.

Кийинки суроо


Бермуд үч бурчтугу
Өлүм деңизи
Мичиган үч бурчтугу

Суунун эң терең чекити кайсы океанда жайгашкан?

Океандар арасында суунун эң терең чекити Тынч океанынын Мариан ойдуңунда жайгашып, ал "Челенджер" деп аталат. Анын максималдуу тереңдиги 10 миң 994 метрди түзөт.

Кийинки суроо


Түштүк океаны
Атлантика океаны
Тынч океаны

Аянты боюнча эң чоң жана кичинекей океандар кайсылар?

Тынч океан - Жер шарындагы океандардын эң чоңу. Анын жалпы аянты 178,684 миллион чарчы километрди түзөт. Ал эми эң кичинекей океан деп Түндүк Муз океаны эсептелет. Анын аянты 14,75 миллион чарчы километрди түзөт.

Кийинки суроо


Инд жана Түндүк муз океаны
Атлантика жана Түштүк океаны
Тынч жана Түндүк муз океаны океаны

Эң жаш Түштүк океаны качан өзүнчө бөлүп каралган?

2000-жылы эл аралык гидрография уюму Атлантика, Тынч жана Инд океандарынын түштүк бөлүгүн бириктирген Түштүк (Антарктика) океанын өзүнчө бөлүп карап, бешинчи океан катары бекиткен. Түштүк океандын жалпы аянты 20,327 миллион чарчы километрди түзүп, аянты боюнча дүйнөдө 4-орунда турат.

Кийинки суроо


2000-жылы
1995-жылы
1998-жылы

Жер планетасында канча океан бар?

Жер планетасында 5 океан бар. Алар Тынч, Инд, Атлантика, Түндүк муз жана Түштүк океандары.

Кийинки суроо


4
5
6

Океандар тууралуу илим эмне деп аталат?

Океандар тууралуу илим океанология деп аталат.

Кийинки суроо


Океаномания
Океонология
Гидрология

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(42)
08.06.2018. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
27 упай жакшы билбейт экенмин
08.06.2018. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
60
08.06.2018. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
54
08.06.2018. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
5 океан бар дегенде журок туштуго
08.06.2018. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
94 ухуу
08.06.2018. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
80 упай
08.06.2018. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
60 упай
08.06.2018. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
54
08.06.2018. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
94 упай.Мектепте окуп жүргөндө түштүк океанын окубаган экем.
08.06.2018. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
60упай,географияны унутатушупмун
08.06.2018. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
94
08.06.2018. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
74 упай. Кээбир суроолорго кумонум бар
08.06.2018. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Фернан магеллан кыйналган. Мурда эчким тируу отпогон учун, кыйналса дагы, тируу откону учун тынч океан деп атап койгон. Ошол кезде чынында башка убака Караганда тынчыраак болгон, ошол кездеги техникага жараша,
08.06.2018. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
47
09.06.2018. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
2 суроо нун жообун супер кж туура эмес жазгансыздар жерде 4 океан бар 5 эмес
09.06.2018. 05:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bayastankyrgyz, 2000-жылдан баштап 5 океан бар деп эсептелет экен да, жакшылап окусан. мен да 4 деп журсом
09.06.2018. 08:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
aiymjan7, биз 2010-жылы мектепти бутконбуз ошол кезге чейин 4океан бар деп эле окуганбыз
09.06.2018. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
100%
09.06.2018. 03:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
74упай 4 ката жооп болду.мектепте мен да 4 океан деп окуган боюнча ал жонундо кайра окубапмын да((
09.06.2018. 08:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
34
09.06.2018. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
4 эле океан барго
09.06.2018. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
80
09.06.2018. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
74 упай 11 туура жооп
09.06.2018. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
4 океан ле бар болчу 5 чиси эми кошулуп калышы мумкун деген мугалим
09.06.2018. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
54 болду.агай 4 океан бар дечу эле 5 турбайбы корсо
09.06.2018. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
67 упай география жакшы билчумун бирок жыйынтык начар. Беш океан бар биздин китептер эски ошого биз беш эле деп окуганбыз.
10.06.2018. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Географияны жакшы окуган элем 74 упай.
10.06.2018. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
74 упай,мен дагы сразу 4 океан дедим эле ката болуп калды,5 болгонун билбептирмин...
10.06.2018. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
surgeon777,мен да ошондон ката кетирдим
10.06.2018. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
80%
10.06.2018. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
80 упай
18.06.2018. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
60 упай Океандар тууралуу кабардар экенбиз!!!!!!!!!!
28.06.2018. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
80 ((ненормально
12.08.2018. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
85 жакшы эле экен
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: