Тогуз-Тородо алтын ылгоочу комбинаттын өрттөлүшү боюнча кылмыш иши козголду

Тогуз-Тородо алтын ылгоочу комбинаттын өрттөлүшү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган факты боюнча 234-берене (бейбаштык), 174-берене (мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) жана 233-берене (массалык тартипсиздик) менен кылмыш иши козголгон.
Андан сырткары аталган маалыматта учурда милиция кызматкерлери тарабынан коомдук тартип толук сакталып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ыкчам иликтөө иштери алып барылып жатканы айтылат.
Айта кетсек, буга чейин Тогуз-Тородо миңден ашуун адамдын катышуусунда митинг болгон. Алар аймактагы алтын ылгоочу комбинаттын курулушу токтотулуусун талап кылышкан. Митингдин жүрүшүндө алтын ылгоочу комбинаттын имараты өрттөлүп, ыргытылган таштан жаракат алып, 3 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургун ооруканага кайрылган. Кийин бул окуяга байланыштуу райондун акими кызматынан алынган.


Бийликтин чыныгы ээси ЭЛ деп айтылат. Ал эми бийликте отургандар элдин таламын талашуучу болгону окулдор...
Ошондо ЭЛге каршы чыгууга депутаттарга ким укук берди?!!
Ошондо инвесторлор келбей калат деп ооз коптурбогуло, андай ууру-каракчы инвесторлорунардын кереги жок бизге...
Провокация жараткан билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат! 3 күн БАНга!
Эскертүү!
Порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек. Билдирүүлөр өчүрүлдү!