super.kg logo

Бишкекте кыз тааныш жигитин достору менен уруп, телефонун алып койгон деп шектелүүдө

 

Бишкекте кыз тааныш жигитин кафеге чакырып, андан кийин аны достору менен уруп, телефонун алып койгон деп шектелүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-апрелде Бишкектин тургуну милиция кызматкерлерине кайрылып, ага бир нече адам күч колдонуп, телефонун тартып алганын билдирген. Кылмышка шектүү катары 30 жаштагы С.А., 28 жаштагы К.А., 19 жаштагы Ж.к.К. жана 27 жаштагы А.А. кармалган.

"Тергөө иштеринин жүрүшүндө жабырлануучу менен тааныш кызынын ортосунда чыр чыкканы белгилүү болду. Кыз жабырлануучуну ортолорундагы түшүнбөстүктөрдү жөнгө салуу максатында кафеге чакырган. Кылмышка шектүү ал жерге өзүнүн эки досу жана курбусун ээрчитип келген. Андан кийин шектелген адамдар жабырлануучунун унаасы менен белгисиз тарапка багыт алып, жолдон күч колдонуп, анын телефонун тартып алышкан. Жабырлануучу окуя болгон жерден качып кетүүгө үлгүрүп, дүкөндөрдүн бирине кирип, милицияга телефон чалган. Натыйжада кылмышка шектелип 4 адам кармалган. Аларды кармоо учурунда укук коргоо органдарынын кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, талаптарга баш ийген эмес", - дейт басма сөз катчы.

Аталган факты боюнча 167-берене (тоноо) жана 341-берене (бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) менен кылмыш иши козголгон. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланып жатат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(4)
12.04.2018. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саякижурсон таяк жейсин,30жаштагы неме болсон аялын,бала-чакан бар болсо керек!!! Кыздарга да соз жок уяи,ар намыс деген нерсени сандыка салып койкшуп
12.04.2018. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Pandora,бул жерде кылмышка шектуу С.А. 30 жаш деп турат
12.04.2018. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Корунуп турат баарынын кебетелеринен аферист экендери
12.04.2018. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ужастар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: