"Республика-Ата Журт" өкмөттүн отчётун угууну премьер-министр жыйынга келе албаганы үчүн башка күнгө жылдырды
Бүгүн, 13-апрелде "Республика-Ата Журт" фракциясы өкмөттүн отчётун угууну премьер-министр жыйынга келе албаганы үчүн башка күнгө жылдырды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына депутат Алтынай Өмүрбекова билдирди.
Анын айтымында, жыйынга премьер-министр Сапар Исаков өзү келиши керек. "Фракция жыйынына өкмөт башчыны чакырганбыз. Ал жүйөлүү себептер менен келе албай турганын билдириптир. Ошондуктан башка күнү өткөрүү боюнча чечим кабыл алдык", - деди Өмүрбекова.
Белгилей кетсек, аталган фракция өкмөттүн отчётун бүгүн карамак. 11-апрелде КСДП фракциясы отчётту карап, "канааттандырарлык" деген баа берген.
Жогорку Кеңештеги оппозициялык фракциялар өкмөттүн отчётун кароодон баш тартты
Автор: Мунарбек Жоргомов
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

