super.kg logo

“EXO” корей тобунун ырчысы Сехунга күйөрмандары акчанын көзүн карабай сюрприз жасашты

 
Интернеттеги ачык булактарга караганда, “Нью-Йорк таймс” гезитинин түстүү толук бети 214 миң доллардын тегерегинде бааланат.

“EXO” корей тобунун ырчысы Сехун 24 жашка толуп, анын күйөрмандары ага күтүүсүз белек тартуулашты. Сехундун сүрөтү “Нью-Йорк таймс” гезитинин түстүү беттеринин бирине жарыяланган. Ырчынын туулган күнүнүн урматына күйөрмандары аталган басылманын бир бетин сатып алууга акча топтошкон. Интернеттеги ачык булактарга караганда, “Нью-Йорк таймс” гезитинин түстүү толук бети 214 миң доллардын тегерегинде бааланат.

Күйөрмандар ушуну менен эле токтолуп калышкан эмес. Алар Шанхай шаарындагы эгиз мунараларга, Сеул шаарындагы соода борборлорунун бирине жана башка көңүл ачуучу жайларга түрдүү көрнөк-жарнактарды илишкен.

Буга чейин аталган топтун ырчылары, анын ичинде Сехун да күйөрмандарына “мындан ары жөнөтүлгөн белектерден баш тартабыз” деп кайрылышкан эле. “Мага берген сүйүүнү мага караганда көбүрөөк ага муктаж болгон адамдарга тартууласак, баарыбыз бактылуу болмокпуз. Мындан ары мен туулган күндөрүмдө сиздерден жылуу пикир гана алууга даярмын” деп күйөрмандарына болгон кайрылуусунда Сехун жазган болчу.

Сехун 1994-жылдын 12-апрель күнү туулган. Корейлер көбүнесе бир жыл кошуп эсептешкени үчүн Сехун 25 жашка толгонун белгиледи. Аталган өлкөдө жаш курагы эненин курсагында жаткан убактысын кошуу жана Ай календары боюнча эсептелет.

Маалымат үчүн: 2011-жылы түзүлгөн “EXO” тобу 9 ырчыдан турат. Учурда Түштүк Кореяда эң популярдуу топтордун башында турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(10)
15.04.2018. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ырчыга молодец муктаж адамдарга берсек деген пикири жакты
15.04.2018. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Красавчик
15.04.2018. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Okunboim.,эми Okunboisunbu.
15.04.2018. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Azatbek.Svoboda.,сага какая разница
15.04.2018. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Корейлер кандайча бир жашты кошуп эсептешет?
15.04.2018. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Nevestkaa,uruk tushkon kundon bashtap jash eseptelet, muslumandarda b.a bizde da ushunday orustarda saga okshogondor torolgondon esepteyt
15.04.2018. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Не бул баланын муйузу бар бекен?
15.04.2018. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Pandora,ооба 2 штук
15.04.2018. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Туулган кунубуз бир кундо экен)
15.04.2018. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
KOCMOC,Кат жаз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: