super.kg logo

Гүлдөй бер, менин шаарым!

 

Көптөгөн Кыргыз жарандарынын ажырагыс бөлүгү болгон компания катары, О! Мобилдик оператору жарандардын коомдук жашоосуна да активдүү катышууну маанилүү деп эсептейт. Компания “Гүлдөй бер, менин шаарым” атайын акциясын уюштуруу менен республиканын шаарларын жана калк жашаган аймактарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча "Таза жашоо" улуттук кампаниясына кошулду. Жашылдандыруу объектиси катары топурагынын таштуу болгондугуна байланыштуу эч нерсе өспөгөн №72-мектеп-гимназиясы тандап алынды.

О! Мобилдик операторунун кызматкерлеринин биримдиктүү командасы менен ишке кириштик. Болгону бир нече сааттан кийин жаш көчөттөрдү отургузуу жана сугаруу иштери аткарылды. Эмдиги жылы эле өзүнүн кызгылт түстөрү менен жемиш бактары жана декоративдик бактар мектеп-гимназиянын тарбиялануучуларын, меймандарын кубантары бышык. Алар: өрүк, шабдалы, павлония, кызгылт сирень, луизеания, ошондой эле жалбырактуу клен багы. Көчөттөрдү отургузуудан тышкары, сугаруунун заманбап тутуму киргизилди – тамчылатып сугаруу менен мектептин короосу убакыт өткөндөн кийин гүлдөгөн бакка айланат.

"4 жылдан кийин бул жер кооз бакка айланат, бүгүн эле биздин мектепте чоң майрам болду! Биз биригип пайдалуу жакшы ишти аткарып жатабыз, биздин балдар ушул бактар менен бирге өсүшөт. О! компаниясына тез жооп бергендиктери, ылдам чогула калгандыктары үчүн рахмат. Көчөттөрдү табышып, сатып алышты, отургузуунун планын иштеп чыгышты, тамчылатып сугарууну уюштурушту. Сиздердин бардык кызматкерлериңиздерге ийгилик жана өркүндөп өсүүнү, ал эми силерге балдар көбүрөөк мыкты бааларды каалайм!" - деп мектеп-гимназиянын директору Дамира Назаркулова чогулгандарды тосуп алды.

Ишембиликке жогорку класстын окуучулары да катышты. Алар үчүн бул күн көчөттөрдү отургузуу, жер семирткичтер жана топурак менен иштөөнүн мастер-классы болду. Андан кийин, КР УИА Э.З.Гареев атындагы Ботаникалык бактын кызматкери Жибек Абдрашитова бактарды кандай тартипте жана кантип отургузууну өз көзөмөлүнө алды. Керектүү жана пайдалуу ишке катышуу балдарда да, педагогдордо да жагымдуу сезимдерди пайда кылды. Эң активдүүлөр үчүн компаниянын атынан "Посади дерево" деген жазуусу эле айтып тургандай футболкалар белекке берилди.

"Көгөрүп турган бак-дарактар шаардын жана шаардыктардын жашоосунун маанилүү бөлүгү болуп саналат, алар ден соолук үчүн жайлуу микроклиматты уюштурушат жана шаардын жалпы көрүнүшүн калыптайт. Биз ушундай маанилүү жана керектүү ишке катышкандыгыбыз үчүн абдан курсантпыз, биздин жалпы эмгегибиздин алгачкы жемишин кийинки жылы көрөбүз деп ишенебиз. Сөзсүз ал жыйынтыктар менен да баарыңыздар менен бөлүшөбүз!" - деп белгиледи О! Мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко.

Иш-чаранын толук фотоотчётун компаниянын Facebook жана Instagram расмий баракчаларынан көрсө болот.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 11 
Комментарийлер(10)
17.04.2018. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Супер. Молодцы.
17.04.2018. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zhaku2017,
Спасибо Вам, мы стараемся :)

с уважением,
Мобильный оператор О!
17.04.2018. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ишинерге ийгилик
17.04.2018. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Zainidin96, саламатсызбы! Чон рахмат! Сизге дагы ийгилик :)
17.04.2018. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кандай жагымдуу кабар жана жарнама, рахмат О! компаниясына, биз сиздер менен
Бишкек буйруса жашыл шаар деген статусун кайра алат деген үмүт бар)))
17.04.2018. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
din_tomas,
чон рахмат жылуу создорунуз учун. Сиз учун аракет кылып жатабыз :)

урматтоо менен,
О! Мобилдик оператору.
17.04.2018. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир чындык бар айтпасак уят, эл менен эсептешкен, элдин унун туздон туз уккан , ар биринин суроосуна маани берген бул О! Компаниясы, бул темада силерге калган байланыш компаниялар жеткиче дагы коптогон жылдар бар, ИЙГИЛИК! (Жакшы соз жан эргитет) жылуу мамиленер учун журоктон ыраазычылык
17.04.2018. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
suyor,
Саламатсызб! Биздин компанияга айтылган жылуу сөздөрүңүз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Сиздин тилектеш сезимдерди алуу бизди абдан кубандырат! :) Созсуз биздин кесиптештерибизге жылуу созунузду айтабыз.

Терен урматтоо менен,
О! Мобилдик оператору.
18.04.2018. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
О компаниясы, байланыш сапатыңыздар МегаКомдон калабы же ашабы?
18.04.2018. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
О, Компаниясы Учурдун мыкты байланыш операторлору интернет да соонун арзан.анан ушунтип акция өткөрүп турушат каарылар жана балдар үйүнө согуш ардагерине да жардам берип турушат Алга Супер --О---.(бул кампаня калка жардам берүү кишилери менен кантип байланышсам болот?)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: