super.kg logo

"Пулитцер-2018" сыйлыгы алгачкы жолу рэп аткаруучусуна ыйгарылды

 

Америкалык 30 жаштагы рэп ырчысы Кендрик Ламар "Пулитцер-2018" сыйлыгына ээ болду. Аталган сыйлыктын тарыхында биринчи жолу рэп ырчысына берилип жатканын чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Кендрик Ламар 2017-жылы жарыкка чыккан “DAMN “ аттуу ыр жыйнагы үчүн аталган сыйлыкты алган. Хип-хоп жанрындагы аткаруучу “Эң мыкты музыкалык чыгармасы үчүн” деген наамга татыган. Буга чейин бул наам классика жанрында ырдаган аткаруучуларга гана ыйгарылып келген.

Мындан сырткары, “The Washington Post” жана “The New York Times” гезиттеринин журналисттери “2016-жылдагы АКШда өткөн президенттик шайлоого Орусия кийлигишкен” деген теманы мыкты чагылдырып бергени үчүн "Пулитцер-2018" сыйлыгына татышкан.

"Пулитцер" - АКШда адабият, музыка, театр жана журналистика жаатында ыйгарылуучу сыйлык. 1911-жылы эң белгилүү медиа магнат Жозеф Пулитцер көз жумган. Магнат 1903-жылы көзү тирүү кезинде жазып кеткен керээзи боюнча ал көз жумган соң анын атындагы фонд негизделген. Ошол 1903-жыл - "Пулитцер" сыйлыгынын негизделген жылы болуп эсептелет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: