super.kg logo

ЖАМК: "Өмүрбек Текебаевге абакта кысым көрсөтүлүп жатат деген маалымат жалган"

 

Өмүрбек Текебаевге абакта кысым көрсөтүлүп жатат деген маалымат жалган. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма кызматынан билдиришти.

"Абакта Өмүрбек Текебаевге эч кандай кысым көрсөтүлгөн жок. Ал 47-колонияга которулуп келгенде эле ал отурган камерага бир адам кошулган. Ошол убактан бери эле экөө чогуу бир камерада кармалып турат. Башка камерага которуу же алар кармалып турган камерага башка адамдарды алып келүү маселеси да көтөрүлгөн эмес", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Айта кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Өмүрбек Текебаевге түрмөдө кысым башталганын айткан болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: