super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 20-АПРЕЛЬ: Америкалык модель, актриса жана ырчы Кармен Электра 46 жашка чыкты

 

Америкалык модель, актриса, ырчы жана бийчи Кармен Электра 1972-жылы 20-апрелде Огайо штатындагы Шеронвиллде төрөлгөн. Анын өзүнүн аты Тара Ли Патрик.

9 жашынан баштап бий мектебине бара баштаган. Карьерасын 1990-жылы Огайодогу "It’s Magic" деген шоудо бийчи катары баштаган. 1991-жылы Калифорнияга көчүп келип, "Paisley Park Records" менен келишим түзүп, ырчылык кесипти аркалоону чечкен. Дал ошол кезде атын Кармен Электрага алмаштырган.

1995-жылдан баштап ар кандай телеберүүлөргө чыга баштаган. 1996-жылы май айында атактуу болгон "Playboy" журналына сүрөттөрү чыккан соң ал атактуулукка жетип, "Малибу куткаруучулары" (Спасатели Малибу) сериалына тартылган. Аталган журналга дагы 4 жолу чыкканга жетишкен. Андан соң дагы бир нече комедия жанрындагы тасмаларга тартылган.

1999-жылдан тартып клиптерге тартылып, стриптиз бийин бийлеп ар кандай шоулорго катышкан. 2002, 2005, 2006, 2007-жылдары "Дүйнөнүн сексуалдуу айымдары" тизмесинде алдыңкы орундарга ээ болгон.

2004-жылы "MTV Movie Awards" сыйлыгын "Кыйраткыч түгөйлөр: Старски жана Хатч" (Убойная парочка: Старски и Хатч) тасмасында мыкты өбүшкөнү үчүн алган.
Чыгармачылыктан тышкары көптөгөн кайрымдуулук иш-чараларды уюштуруп, мээ шишиги менен жабыркагандарга, бала кезинде зордук-зомбулукка кабылгандарга жардам көрсөтүп келет.
Модель 2 жолу турмушка чыккан. Биринчи жолдошу менен 1 жыл, экинчиси менен 4 жыл бирге түтүн булаткан соң ажырашып кеткен.
20-апрелдин жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
20.04.2018. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
ХХХХХ жакшынакай экен!
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-20 17:22:59
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: