super.kg logo

Бишкекте "Айылдык келин Алёнка" тасмасы көрсөтүлүп, андагы актёр, актрисалар төш белгилер менен сыйланышты

 
Баш каармандар Айбек Бакытбеков жана Алина Балабина

Бүгүн, 20-апрелде Бишкектеги кинотеатрлардын биринде режиссёр Ырыс Жоомартованын "Айылдык келин Алёнка" тасмасынын бет ачары болуп өттү. Комедия жанрындагы тасманы көрүүгө фильмдин эмгек жамааты, маданият өкүлдөрү, шаар тургундары келишти.

Фильмде Бурул Асакеева, Жоробек Аралбаев, Ырыс Жоомартова роль жаратып, баш каармандын ролу ырчы Айбек Бакытбеков менен 11-класстын окуучусу Алина Балабинага берилген. Залды күлкүгө бөлөгөн кинокомедиянын узактыгы 105 мүнөткө созулуп, тасма көрсөтүлүп бүткөн соң актёр, актрисалар төш белгилер менен сыйланышты.

Алсак, Ырыс Жоомартовага "Асылзат" коомдук фондунун атынан "Эл сыймыгынын ээси", ырчы Айбек Бакытбековго "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси тапшырылды. Ал эми Алина Балабина "Асылзат", Бурул Асакеева "Насаатчы", Жоробек Аралбаев "Кыргызымдын мыкты жигити" деген төш белгилери менен сыйланышты.

Аталган кинокомедиянын режиссёру Ырыс Жоомартова тасма тууралуу буларга токтолду:

"Бул менин "Шаардык келин Шарапаттан" кийинки Суусамырда тартылган экинчи эмгегим. Суусамыр менин туулган жерим болгондуктан, тасма айылда тартылды. Бул фильм менен улут аралык бөлүнбөө керектигин баса белгилеп, келин менен кайнененин ортосундагы мамилени чагылдыргым келди".

Фильмде орус улутундагы Алёнка айылдык Айбек аттуу жигитти сүйүп калат. Бирок жигитте ага болгон сезим жок эле. Айбек окуусун аяктап, айылга кетет. Кыргыз тилинде ырдап, манас айткан кыз айылга жигиттин артынан барат. Жигиттин ата-энеси кызды кабыл албай, апасы аны кетирүүгө аракет кылат. Окуя мындан ары курчуп отуруп, кызыктуу окуялар менен коштолот.

"Айылдык келин Алёнка" тасмасы бүгүнтөн баштап өлкөбүздүн бардык кинотеатрларында көрсөтүлө баштады.






"Айылдык келин Алёнка" тасмасы көрсөтүлүп, актёр, актрисаларга төш белгилер тагылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
20.04.2018. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кино окшойт реалдуу жашоого жакын))
tyka түзөттү 2018-04-20 22:17:45
SUPER.KG видео
21.04.2018. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бурул Асакеева эжекебизди Аран тааныдым, аябай озгорптур. Биз кичинекей кезибизде Рабаят аттуу балдар телеберуусун алып барчу
SUPER.KG видео
22.04.2018. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кинону коро элекмин бирок трейлерин коруп Озбекстандын "Келгинди келин"киносуна окшоштугу бар экенин байкадым.
SUPER.KG видео
23.04.2018. 04:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба биздикилерден жаны жакшы идеалар чыгат беле бул кинону озбектер качан эле тартып койгонго ...ошол Келгинди келинге окшош экен...
Анда келин шаардан барса,
Бул кинодо Орусиядан барып калабы ошондо...
Маанисиз кинолор кобойду,сапаты жок...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: