super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 20-АПРЕЛЬ: Белгилүү актёр жана режиссёр Алымкул Исаков 58 жашка толду

 

Бүгүн, 20-апрелде Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, актёр жана режиссёр Алымкул Исаков 58 жашка толду.

Ал 1960-жылы 20-апрелде Ноокат районуна караштуу Күңгөй-Кожоке айылында кызматчынын үй-бүлөсүндө туулган. 1977-жылы орто мектепти бүтүрүп, ошол эле жылы Островский атындагы Ташкент театралдык институтуна тапшырып, "Театр жана кино" актёрлук факультетинде профессор Иогельсендин классында билим алган. 1981-жылы Ош кыргыз драма театрына актёр болуп орношкон. Ошондон тартып аталган театрда, 2001-жылдан 2008-жылга чейин Ош мамлекеттик университетинин студенттик элдик театрында, Алай музыкалык драма театрында жана Ноокат элдик театрында режиссёр катары үзүрлүү эмгектенген.

Бул жылдары 80ден ашуун образдарды профессионалдык деңгээлде аткарган. "Тор", "Кууш жолдо", "Арман", "Боз балдар", "Селкинчек", "Эртең атамдын туулган күнү", "Дарс", "Курманжан датка", "Исхак Раззаков", "Каражолтой" тасмаларында ролдорду жараткан. 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын алган. Бүгүнкү күндө ОУДТда режиссёр, актёр, Н.Шамурзаев атындагы Ош облустук куурчак театрында директор жана Кыргыз театр ишмерлери союзунун башкармалыгынын Түштүк региону боюнча координатору катары үзүрлүү эмгектенип келет.

20-апрелдин жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
20.04.2018. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Омурунуз узун болсун! Мыкты актёрсуз, сиз аткарган кинолорду калтырбай коргонмун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: