super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 23-АПРЕЛЬ: Ырларды көпчүлүк түшүнбөгөн фарс тилинде аткарып, дүйнөлүк аренадан өз ордун таба алган Араш 41 жашка чыкты

 

Ирандык ырчы Араш 1977-жылы 23-апрелде Ирандын Тегеран шаарында туулган. Ал 10 жашка чыкканда үй-бүлөсү Ирандан Швецияга көчүп келишкен. Жаңы жерде ырчы тил жагынан кыйналганы менен, жөндөмдүү болгондуктан тез арада тилди да, окууну да өздөштүрүп, алдыңкы окуучулардын катарына кошулган.

Бала кезинен көздөгөн максатына жетүүгө бүт аракетин жумшаган Араш ырчы болуп, топ түзүүнү туура көрөт. 14 жашка чыкканда мектеп курагындагы музыкага кызыккан балдар менен топ түзүп, сахнага чыга баштаган. Ошентип ырчылыкка кадам таштаган ал тез эле дүйнөлүк хитке айланган ырлардын аткаруучусу катары белгилүү болгон.

Швед ырчысы Хелена Юсефссон менен

Анын швед ырчысы Хелена Юсефссон менен бирге аткарган "Жараланган периште" ("Broken Angel") ыры күйөрмандарын кайдыгер калтырган эмес. Араш орус ырчылары менен да биргеликте ыр жаздырууга үлгүргөн. Мисалга алсак, "Блестящие" тобу менен "Чыгыш жомогу" ("Восточные сказки"), "Фабрика" тобу менен "Али-Баба" жана башкалар.

Ал эми 2008-жылы азербайжандык Айсель Теймурзаде аттуу ырчы менен биргеликте "Евровидение" сынагына Азербайжандын атынан катышкан. Сынакка "Дайыма" ("Always") ыры менен чыгып, жыйынтыгында 3-орунга ээ болушкан.
Араш - кесиби боюнча архитектор-дизайнер. Мальмёдогу Жогорку окуу жайлардын бирин бүтүрүп, бирок кесиби боюнча иштеген эмес.
Чынында ырчынын талантына баа берсе болот. Тагыраагы, ал ырларынын көбүн англис тилинде эмес, көпчүлүк түшүнбөгөн фарс тилинде аткарып, дүйнөлүк аренадан өз ордун таба алган.
Үй-бүлөсү менен
2011-жылы 28-мартта сүйүктүүсү Бехназ Ансари менен баш кошкон. Түгөйлөр 2012-жылы эгиз кыз жана уулдуу болушкан. Учурда үй-бүлөсү менен Дубайда жашайт.
23-апрелдин жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
23.04.2018. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы dooset daram деген хит ыр чыгарыптыр
23.04.2018. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага да ырлары жагат аябай
23.04.2018. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага дагы ырлары жагат Араштын
23.04.2018. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Магада жагат ырлары .
24.04.2018. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фарсы тилинде суйлогон элдер да коомдун копчулук болугун тузот. Айрыкча дуйнонун Азия болугундо.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: