SUPER.KG`нин Түз эфиринде бүгүн саат 15:00дө ырчы Айпери Кубик кызы конокто болот
SUPER.KG порталынын Түз эфиринин кезектеги коногу белгилүү ырчы жана куудул Кубик Калыковдун тун кызы, эстрада жылдызы Айпери Кубик кызы болмокчу.
Ырчы жакында эле Египеттен сүйүктүүсү менен чакан үлпөт той өткөргөндүгүн билдирген.
"Гастролдон келерим менен эле сүйүктүүм күтүүсүз белек жасап, көзүмдү таңып аэропортко алып барды. Кайда бара турганыбызды айткан жок. Египетке келгенден кийин дагы бир жолу колумду сурады. Мен макулдугумду берип, экөөбүздүн чакан үлпөт тоюбуз жолдошумдун бул жактагы тааныштары, араб улутундагы досторунун курчоосунда өттү. Азыр бал айында жүрөбүз", - деген ал.
Айпери Кубик кызы менен мурунку жолдошу Наруландын ортосунда Даян аттуу уулу бар.
Айпери Кубик кызына арнаган жылуу ой-пикирлериңиз же кызыктуу суроолоруңуз болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып +996 557 75 63 63 WhatsApp номерине узатыңыз. Ошондой эле түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып да жооп алсаңыздар болот. Ырчы сиздин суроолоруңузга 25-апрель күнү саат 15:00дө баштала турган SUPER.KG порталынын Түз эфиринде жооп берет.
Эске салсак, суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.
кошулду


Төшүн көргөзүп жарымына чейин көргөзүп алат качан көйнөгү шыпырылып калат деп коркко берем негедир эле .
Бир кездери Айгерим тажатып жатчы эле,азыр эми татынакай жар болуп,угушума караганда жакшы келин болуп жатыптыр,сыягы жашоонун манызын тушунгон го,хотя бы ошодон улгу алчы,а сен журосун под кайф прямой эфирге чыгып Дубайдан:ээ канчадасыз,31де же 32де белениз деп сурап коёт жанындагы "куйоосунон",анын жашын билб