super.kg logo

ТЕСТ: "Менденби же сенденби, кимибизден? Сезимдер өчүп барат дилибизден..." деген ыр саптары кайсы белгилүү саясатчыга таандык?

 

Кыргыз адабиятында өзгөчө орунга ээ болгон поэзия саптарынан жок эле дегенде 2 сап ыр билбеген кыргыз болбосо керек. Турмуштагы бардык кырдаалдардын күнгөйү менен тескейин сөз чеберчилигине салып, ыр саптарына шурудай тизген Кыргыздын белгилүү акындарынын дүйнөсүнө саякат жасап, ыр сүйгөн адам экениңизди далилдеңиз.


кошулду





1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

Сиз бала кезде жаттаган "Көлчүктөгү ай" ыры кайсы акынга таандык?

"Көлчүктөгү ай" Эшикке чыксам укмуш, апа, "Ары бери калтырап, Чоң көлчүктүн ортосунда Ай жатыптыр жалтырап. Басып барып акырын Колум сунуп батыраак. Жаңы кармап аларымда, Сынып калды чачырап" аттуу ыр саптары белгилүү акын Турар Кожомбердиевге таандык.

Кийинки суроо


Алыкул Осмонов
Байдылда Сарногоев
Турар Кожомбердиев
Райкан Шүкүрбеков

Акын Байдылда Сарногоевдин элге кеңири жайылган ыр жыйнагы кайсы?

Белгилүү акын Байдылда Сарногоевдин элге кеңири жайылган поэтикалык ыр жыйнагы "Ашуудан берген отчётум" деп аталган. Бул ырлар жыйнагы 1982-жылы басылып чыгып, ага акындын партия, мекен, эл, жер жөнүндө соңку жылдары жазылган жаңы ырлары жана поэмалары камтылган.

Кийинки суроо


"Ата Мекен"
"Сүйүү жазы"
"Туулган жер"
"Ашуудан берген отчётум"

"Менденби же сенденби, кимибизден? Сезимдер өчүп барат дилибизден..." аттуу ыр саптары кайсы белгилүү саясатчыга таандык?

Белгилүү эстрада жылдызы Алтынай Нарбаеванын аткаруусунда элге таанымал болгон "Таң шоола" аттуу ырдын сөздөрү белгилүү саясатчы, режиссёр Дооронбек Садырбаевге таандык. Аталган ырга алгач Асылбек Өзүбеков обон жазган.

Кийинки суроо


Рыскелди Момбеков
Каныбек Иманалиев
Чыныбай Турсунбеков
Дооронбек Садырбаев

Акын Шайлообек Дүйшеевдин "Эсиңе кел" ыры кимдер жөнүндө?

1987-жылы жазылып, азыркыга чейин өзүнүн актуалдуулугун жоготпой келе жаткан акын Шайлообек Дүйшеевдин "Эсиңе кел" ыры Канттын Нижне-Серафимовка айылындагы карылар үйүндө жашаган улгайган адамдарды көрүп коомчулукту бул көйгөйгө көңүл бурууга чакырган ыр.

Кийинки суроо


Карылар үйүндө жашаган улгайган адамдар
Кыргыз жигиттери
Бийлик өкүлдөрү
Депутаттар

Ыр саптарын улаңыз: "Сүйгүм келет жаш жандырып, жаш болуп, Жашымды алдап, жаш кайыңдай мас болуп..."

Аталган саптар Алыкул Осмоновдун "Аялга" ырына камтылган: "Сүйгүм келет жаш жандырып, жаш болуп, Жашымды алдап, жаш кайыңдай мас болуп. Жанар тоодой жалын чачкан отуңан, Чыккым келет, жанып чыккан таш болуп". Сүйгүм келет, миң мертебе жаңылып, Сүйгүм келет, сүйгөнүмө жалынып. Өз күчүңдү өз күчүмө багынтып, Сүйгүм келет, кээде өзүңө багынып...

Кийинки суроо


Жаш кездердей ынак сүйүү жок экен, Отуз жаштын улам аркы жагында.
Же биздин каршы келип бактыбызга, Алсырап, жол жүрө албай чарчабады?
Сени мактайм аалам уксун, үн салам, Үн салуудан талантыма күч алам.
Жанар тоодой жалын чачкан отуңан, Чыккым келет, жанып чыккан таш болуп.

Залкар акын Жеңижок Көкө уулу "Аккан суу" ырын канча убакыт ырдаган?

Замандаштарынын эскерүүсүндө Жеңижок акын бул ырды жети күн тынбай айткан. Бул туурасында акын өзү да "Жети күн, бир түн айтсам да, Түгөнбөгөн аккан суу. Аккан, аккан, аккан суу, Аманат жанга жаккан суу!.." — деп ырдаган.

Кийинки суроо


1 күн
5 саат
3 күн
7 күн

Эсенгул Ибраевдин Кыргыз элине керээз катары жазып калтырган "Жан дүйнөнүн жаңырыгы" ыры эмнеге чакырат?

"Билгим келбейт, Билбейм дагы, Билбейм мындан бөлөгүн, Ынтымак деп төрөлгөнмүн, Өлөрдө да Ынтымак деп өлөмүн!" - деген ыр саптарын камтыган акындын "Жан дүйнө жаңырыгы" ыры Кыргыз элин ынтымакка, биримдикке үндөйт.

Кийинки суроо


Жаратылышты сүйө билүүгө
Кыргыз тилинде сүйлөөгө
Чыгармачылыкты сыйлоого
Ынтымактуу болууга, элди бөлүп-жаруудан алыс болууга

"Талантың таңкы чолпон жылдыз эле, Таптаган мүнүшкөрүң турмуш эле, Аялдар акын төрөйт, баатыр төрөйт, Сендейди сейрек төрөйт кыргыз эне!" деген ыр саптарын Байдылда Сарногоев кайсы акынга арнаган?

Бул ыр саптарын Сарногоев өзүнүн досу, сатирик, акын Мидин Алыбаевге арнаган.

Кийинки суроо


Алыкул Осмонов
Эсенгул Ибраев
Мидин Алыбаев
Акбар Кубанычбеков

Жаш акын Мирлан Самыйкожо өзүнүн "Балкыма" ырында сүйгөн кызын кайсы жердин таңына тапшырат?

Азыркы тапта белгилүү төкмө акын, обончу Элмирбек Иманалиев обон жазып аткарып жүргөн "Балкыма" аттуу ырында жаш акын Мирлан Самыйкожо өзүнүн ашыгын Аксынын таңына тапшырган саптары бар: "...Мейли, назары түшсүн жакшынын, Нурдансын жаркып жаштыгың. Тапшырдым көрүп койгун деп, Оо, балкым, таңына сени Аксынын..."

Кийинки суроо


Ысык-Көлдүн
Нарындын
Жумгалдын
Аксынын

Алыкул Осмоновдун "Ысык-Көл кээде тынч да, кээде толкун, Толкуса толкунуна тең ортокмун..." Бул ыр саптары кайсы банкнотага түшүрүлгөн?

Белгилүү акын Алыкул Осмоновдун элеси жана Кыргыздын бермети болгон Ысык-Көлгө арналган ыры 200 сом номиналындагы банкнотасына түшүрүлгөн.

Кийинки суроо


100 сом
20 сом
200 сом
1000 сом

Акын Зайырбек Ажыматовго таандык "Падыша эл" ырынын саптарын улантыңыз. "Көтөр башты улутташым, кандашым, Көкүрөктө улуу намыс кайнасын..."

...Ар бир кыргыз аманаты Манастын, Хан тукуму кулга айланып калбасын".

Кийинки суроо


"...Оңой эмес ойдогудай өстүрмөк, Он бир бала - он бир баатыр кабланды".
"...Ар бир Кыргыз аманаты Манастын, Хан тукуму кулга айланып калбасын".
"...Арыбасын Жер жагы, Айланайын мен дагы."
"...Карайлатып калкымды, тумчуктурбай, Караӊгыдан жарык нур издегиле."

Бишкектин асманын каптаган түтүн тууралуу "Көк түтүн" ырын жазып ойго баткан депутат?

2017-жылы 8-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чыныбай Турсунбеков учурда өлкөдө дем алуу системинин жана өпкө оорулары менен ооруган адамдардын саны өсүп жатканын айтып, "Көк түтүн" ырын кесиптештерине окуп берген.

Кийинки суроо


Жанар Акаев
Эгемберди Эрматов
Чыныбай Турсунбеков
Садык Шер-Нияз

Белгилүү төкмө акын, обончу Элмирбек Иманалиев кайсы ырында шаар менен айылды салыштырат?

Элмирбек Иманалиев өзүнүн "Ошол жаштык" аттуу ырында айыл жергеси менен шаарды салыштырып, өзүнүн ой-толгоолорун жазган.

Кийинки суроо


"Ошол жаштык"
"Айылым"
"Туулган жер"
"Бишкегим"

Акын Алыкул Осмонов "Бүкөн" ырында бөбөктүн мурдун кандай сыпаттайт?

"Бүкөнтай, бучук мурун үч жашар кыз, Бир күндө жүз жыгылып, жүз басар кыз. Аз ыйлайт, борс-борс күлөт, көп да күлбөйт, Кемпирден токсондогу таза сүйлөйт. Кыргыз да… ачырканбай кымыз ичет, Кучактап уктап калат бир жилик эт..."

Кийинки суроо


Кырдач мурун
Бучук мурун
Чоң мурун
Шиш мурун

"Түндүкмүн деп элирбей, Түштүкмүн деп көбүрбөй. Ортосунан оң-солдун, Мен чыккам деп сөгүнбөй. Уруум да кыргыз деп, Улутум да кыргыз деп, Жүрөлүкчү бөлүнбөй" деген ыр саптары кимдин калемине таандык?

Кыргыз элин ынтымакка, биримдикке чакырган бул ыр саптары белгилүү акын Байдылда Сарногоевге таандык.

Кийинки суроо


Шайлообек Дүйшеев
Байдылда Сарногоев
Акбар Кубанычбеков
Зайырбек Ажыматов

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(49)
02.05.2018. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
47
02.05.2018. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
74
02.05.2018. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
80.
02.05.2018. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
74
02.05.2018. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
60 балл
02.05.2018. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
З4
02.05.2018. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
60
02.05.2018. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
67
02.05.2018. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Эптеп - септеп, кара жерди тепсеп,
47
02.05.2018. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Танозырайын 67
03.05.2018. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
67 ))
03.05.2018. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
40
03.05.2018. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
47
03.05.2018. 08:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
60 упай
04.05.2018. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
40
04.05.2018. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
эмнеге минус баса бергенсинер бири биринерге
06.05.2018. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
60балл
07.05.2018. 07:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Саламатсыздарбы окуучулар жана студенттер, кыз-келиндер, жигиттер жана мырзалар!
22.10.2020. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
65
22.10.2020. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Сенденби менденби же кимибизден
Сасык жыт келип жатат бирибизден.
22.10.2020. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
74
22.10.2020. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
60 упай болду, аябай уялдым, бугун барып адабиятты ачайын.
22.10.2020. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
67 болду
22.10.2020. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
84 бал Байдылда Сарнагоевдин ырлары жагат
Кана эми минусту патыраткылачы
22.10.2020. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
74
22.10.2020. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
94
23.10.2020. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
67
23.10.2020. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
74
23.10.2020. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
54 болуп калды
17.01.2021. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Отургулаа! Баарына 2
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: