super.kg logo

"Кыял" ишканасы боюнча козголгон кылмыш иш сотко өттү

 

“Кыял” ишканасында 12 миллион сомдон ашуун акчанын дайынсыз сарпталганына байланыштуу козголгон кылмыш иш тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 2011-2012-жылдары “Баатыр Эне” ордени жана “Эне даңкы” медалдарын жасап чыгаруу боюнча “Кыял” ишканасы менен Кыргызстандын президентинин иш башкармалыгы ортосунда келишим түзүлгөн. Анын негизинде тиешелүү каражат бөлүнүп, бирок бухгалтердик эсеп-кысап кагаздарын текшере келгенде 12 миллион 323 миң сомдун дайыны табылбай калган. Айып ишкананын жетекчиси Султанбек Макашовго тагылып, жыйынтыгында чыгым толугу бойдон кайтарылып берилген. Эми кылмыш ишти Бишкектин Ленин райондук соту карамай болууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: