super.kg logo

Айпери Кубик кызы: "Жолдошум буга чейин үйлөнгөн эмес, мен биринчи никесиндеги жубайымын"

 

SUPER.KG порталынын Түз эфиринин кезектеги коногу белгилүү ырчы жана куудул Кубик Калыковдун тун кызы, эстрада жылдызы Айпери Кубик кызы болмокчу.

Ырчы жакында эле Египеттен сүйүктүүсү менен чакан үлпөт той өткөргөндүгүн билдирген.

"Гастролдон келерим менен эле сүйүктүүм күтүүсүз белек жасап, көзүмдү таңып аэропортко алып барды. Кайда бара турганыбызды айткан жок. Египетке келгенден кийин дагы бир жолу колумду сурады. Мен макулдугумду берип, экөөбүздүн чакан үлпөт тоюбуз жолдошумдун бул жактагы тааныштары, араб улутундагы досторунун курчоосунда өттү. Азыр бал айында жүрөбүз", - деген ал.

Айпери Кубик кызына арнаган жылуу ой-пикирлериңиз же кызыктуу суроолоруңуз болсо, түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып, жооп алсаңыздар болот. Ырчы сиздин суроолоруңузга бүгүн саат 15:00дө баштала турган SUPER.KG порталынын Түз эфиринде жооп берет.

Эске салсак, суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.

15:00. Айпери Кубик кызынын SUPER.KG порталынын Түз эфириндеги маеги башталды. Ырчы алып баруучу даярдаган "Ойготкуч суроолорго" жооп берүүдө.

15:05. Суроо: "Дайыма бир калыпта жүрөсүз. Арыктыгыңыздын сыры?"

"Каалаганымды жеп-ичем. Болгону уйкум аз, кыймыл-аракетим көп. Менимче ушундан улам семирбесем керек".

15:08. "Жакында эле жолдошум менен бал айын Египеттен өткөрүп келдик. Буга чейин көрбөгөн жерлерди көрүп, аябай жакшы таасирленип келдим. Жолдошумдун жумушу чет өлкөдө болгондуктан, буга чейин Египетте 2-3 жолу болгон экен. Мындан улам ал жакта тааныштары, достору да көп. Үлпөт тоюбузду да ошол жактан белгиледик. Ал эми бул жактан туугандарыбыздын батасын алдык", - дейт ырчы.

15:10. Ырчы жолдошу тууралуу:

"Жолдошум жеке ишкер, экөөбүз тойдон таанышып калдык. Алгач "сүйлөшкөн кызым бол" деген сунуш киргизген. Арадан 3 күн өткөн соң ата-энем менен таанышып, батасын алды. Өзү 1986-жылы туулган. Үйлөнүү тууралуу сунушту мен Москвадан гастролдоп келе жатканда киргизген. Тизелеп туруп, шакек сунганы күтүүсүз болду".

15:13. Суроо: "Жолдошуң менен чогуу жашап жатканыңа канча болду, көнүп кетүү кыйын болгон жокпу?"

"Экөөбүз 1 жылдан бери тааныш болчубуз. Бирок мен аны байке катары эле кабыл алчумун. Ал эми чындап сүйүп, көңүлү бар экенин ушул жылдын февраль айында эле билдим. Эмнегедир ал үйлөнүү тууралуу сунуш киргизгенде "жок" дей алган жокмун. Бирге жашап жатканыбызга 1 ай болуп калды. Эң негизгиси ортобузда чоң ишеним бар", - дейт ырчы.

15:20. Ырчынын "Шер ойло" аталышындагы клиби көрсөтүлүүдө.

15:28. Суроо: "Ырчылардын ажырашканы бат. Эмнеге мындай деп ойлойсуз?"

"Бир гана ырчылар эмес, жалпы элде эле ажырашуулар көп болуп жатат. Болгону атактуулар эл көзүндө болгондуктан, алардыкы эле көрүнүп, коомдогу ажырашуулар билинбей калууда. Башкалар үчүн жооп бере албайм. Менимче, сабырдуулуктун жетишсиздигинен болсо керек", - дейт ырчы.

15:30. "Жашоо-турмуш бул оюнчук эмес. Бир жолу адашкан соң кайра ал жолду баскың келбейт. Мындан улам ар бир адам өз жолу менен, өз теңи менен болгону жакшы", - дейт Кубик кызы.

15:34. "Жолдошум чыгармачылыгымды колдойт. Алыс жактагы тойлорго бара турган болсом, мени менен чогуу барат", - деди ырчы.

15:40. Айпери Кубик кызы жандуу үн менен "Сезим" аталышындагы ырын аткарып берди.

15:44. Суроо: "Уулуңуз жолдошуңузду кандай кабыл алды?"

"Уулум менен жолдошумдун мамилеси жакшы. Балам менин атамды "ата", апамды "апа" деп айтат. Ал эми жолдошум менен дос катары мамиледе болушун каалайм", - дейт ырчы.

15:47. Суроо: "Айпери эже, эмнеге Асел Кадырбекованын кыз узатуу тоюна барган жоксуз. Сахнада досторуңуз жокпу?"

"Мен тойлорго буюртмаларды 1 ай мурда эле алып койгом. Андыктан Ошко барууга мүмкүнчүлүк болбой калды. Ал эми сахналаш досторум көп. Баары менен эле катташам", - дейт ырчы.

15:50. "Жолдошумдун аты - Умар, Баткендин Сүлүктү шаарынан болот. Менин да, анын да душмандары көп. Аны буга чейин "үйлөнгөн" деген кептерди тараткандар жок эмес. Мен аны каралоого жол бербейм. Себеби жолдошумду өзүм аябай жакшы билем. Ал буга чейин үйлөнгөн эмес, мен биринчи никесиндеги эле жубайымын", - дейт ырчы.

15:58. "Той ээлеринин каалоосу боюнча "Жар-жар" айтып баштагам. Бирок коомчулукка жарыялачу эмесмин. Эми гана социалдык тармактагы жеке баракчама жүктөп баштадым", - дейт Айпери Кубик кызы.

16:00. Суроо: "Клиптериң бири-бирине окшошпойт. Идея кайдан келет?"

Жооп: "Көбүнчө унаа айдап бара жатканда жакшы идеялар келет. Аларды жазып коё берем, анан убагы келгенде ишке ашырам".

16:03. Ырчы Айпери Кубик кызынын Түз эфирдеги маеги соңуна чыкты.


кошулду





Айпери Кубик кызы: "Жолдошумдун биринчи эле никесимин"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(43)
25.04.2018. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кубик авамы сыйлайм бирок кызы начар чыкты(
25.04.2018. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айпери бактылуу бол. Бакыт тынчтыкты суйот демекчи. Жеке жашоонду сыр кылып эле журсон жакшы го дейм. Суроом озун сулуу назик кызсын бирок негатив жаман пикирлерди кантип которосун. Сулуулугундун сырлары менен болушо кетсен?
25.04.2018. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Araika,негативдерди которо албайт, личкана жооп жазат. Ото грубая кыз, ырчымын деп эле мурдунун таноосуна чейин коргозуп алган
25.04.2018. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурдагы күйөн менен азыркы күзҳ
25.04.2018. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жеке жашоонду башкалар менен болушуп эмне кыласын деймда
25.04.2018. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Салам Айпери ишине ийгилик, келинчегим сага окшош , кээде урушуп койом Кубик кызына окшой бербечи артистенип дейм,сенден 6 жашка кичуу ал кичине кезинде оозуна тукуруп койгон эмес белен?
Brilant-zhylan түзөттү 2018-04-25 15:27:39
25.04.2018. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Салам Айпери, 1) Азыркы жолдошуң менен мурдагы жолдошуңдун айырмасы эмнеде? Байлыгындабы, ден-соолугундабы же мамлесиндеби?
2)Алтын балык кармап алсаң эмне сурамаксың?
3)Жолдошуң шоу биснес тармагына, кошулууга кызыктар болсо, кандай пикирде болосуң?
25.04.2018. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Татынакай эле кызго бирок, созго вообще жок экен, угуп олтуруп жиним келип кетти. Бираз китеп окушуп соз байлыктарын остурушсо
25.04.2018. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Zeinep.18,хаха
25.04.2018. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Салам Айперишка менин суроом жаман көрбө биринчи күйөң менен азыркы күйөңдүн айырмасы барбы?
25.04.2018. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушулардын күндө бир күйөөгө тийгенин мактанып жар салгандары тажатты го. Беш ай өтпөй дагы бир сүйүктүүсүн таба калат себеби бул эскирет да беш айда.
25.04.2018. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Утуктоп салдыбы ачык кийинбей калыпсын
25.04.2018. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+35
Фараон кыйган никен бекем болсун, биздин молдолордуку жарабады!)))
25.04.2018. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
karakulja,хаха
25.04.2018. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
karakulja,хохма красава
25.04.2018. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
karakulja,эн сонун комментарии сиздики болду
26.04.2018. 07:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
karakulja,олтурдун го
25.04.2018. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Айпери Кубик кызы,Гулнур Асанова,Самара Каримова кругозорлору ,таланттары ,сулуулуктары орточо эле ,бирок оздорун ото сезип пиар кылгандан тажашпайт.
25.04.2018. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айпери сен суперсин!Сенин ар бир ырдаган ырын чуу жаратса,демек популярдуу экенинди бил.Алга Айпери карындашым.
25.04.2018. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Артисттердин кылган жоруктары мен үчүн кызыксыз жана жаңылык эмес, эмне болсо ошо болсун.
25.04.2018. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жалан жолдошу жонуедо отчёт бериптирго,негизи туз эфирге келуудогу максаты да ошол болгонго.Болбосо жакында эле келгенго.
25.04.2018. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Жолдошуң экөөңдүн душманыңар көп болсо анда начар адам экенсиңер.
25.04.2018. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
bayhan,Менин да, анын да душмандары көп дейт. Эмне ой менен айтты экен десен? Менимче оозуна келгенди эле оттоп койду. Тантып суйлоонун жеткен чеги.
Tunerbei1812 түзөттү 2018-04-25 17:25:09
25.04.2018. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Биз тарапка жене болупсунда. Таанышканыбызга 1 жыл болду дейт бул кыздын ажырашканына канча болду.
25.04.2018. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жолдошу ХХХХХХХ бекен ошондо? Ушул кыз эч жакбай кайсар,негр менен сүрөткө түшкөнүчү.ХХХХХХ бирок.Атасы жакшы киши бирок жөнөкөй.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-04-25 17:21:13
25.04.2018. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу бол Айпери, суй Жана суйуктуу бол. Мен да Сага суроо бергим келген бирок жетишпей калдым, насип этсе кийинкисинде. Чыгармачылык ийгилик каалайм. Маанилуу, уккулуктуу ырларды аткара бер.
25.04.2018. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу бол !
Шоу дүйнөсүн таштап, тынч жашоого өт. Бактылуулук жар салганды жактырбайт.
25.04.2018. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Эртеге эле чыгат, тойдо ырдап уй булоомду мен багып жатам, кыйналдым, тушунушбой калдык деп бир баланы кучактап Кубиктин уйуно жоноп
26.04.2018. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aiman1983,эртеге эмес эртен. Антип чыкпай эле койсун, туболукко бактылуу болсун ырчы кызыбыз. Андан да коп ажырашуулар болуп жатат, озунун тенин тапты, бактылуу болсун.
26.04.2018. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргыздар, эмне мынча ичинер таар? Ооздон бир жакшы соз чыкпай калды го уже. Киного тартылса да жаман, кино тартса да жаман, ырдаса да уну жок деп, куйоого тийсе да начар чыкты деп. Деги силерге кандай адам жагат? Оозунардан жакшы соз чыкпаса эч нерсе жазбай эле койбойсунарбы адамдын конулун оорутпай?
SUPER.KG видео
26.04.2018. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Jaman adamdyn dushmandary kop bolot, demek siler... Bul kyzdyn "ak kuu bolup uchkum kelet", degen yry abdan jagat maga, kalgan yrlaryn bilbeit ekem,akylyn bolso kuioon, baldaryn jonundo video, surottordu chygarba da, soz kylba, birok kaidagy akyl bul kyzda :))
SUPER.KG видео
26.04.2018. 06:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Угушума караганда өтө начар кыз деп жүрүшөт , мүнөзү начар , тили туздуу деп.Кайдан чыккан неме , Кубок байкем жакшы эле инсан .
26.04.2018. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыз чырагы кырк дейт, бактылуу бол, коро албастарга конул болбо, алар кылар иши жоктон жаза беришет
SUPER.KG видео
26.04.2018. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бешке окуган кыз 3 суроого жооп бердиби?Эми бактылуу бол Айпери деги жолдошун менен бактылуу бол!Билип эле тийдинби а то за тебе переживаю.
SUPER.KG видео
26.04.2018. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ар бир аял бактылуу болууга тийиш.Бактылуу болгула.
SUPER.KG видео
26.04.2018. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Айпери Максат сага сайылган жок,анын иши ошол да.Жанагы жазылган коментарийден сен учун кыжалат болтам...Бактылуу болчу .
26.04.2018. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бешке окуган окуучунун денгээли ушу болсо эки учко окуган окуучу тамга тааныбай бутобу.
SUPER.KG видео
08.05.2018. 07:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалан 5 ке окуса Веспучини кантип билбейт?не грамотная
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: