super.kg logo

Казакстанда 7 жыл кулчулукта жүргөн аял: "Кулчулукта иштеп жүрүп балам өнөкөт бөйрөк оорусуна кабылды"

 

7 жыл Казакстанда кулчулукта жүрүп мекенине кайткан Бактыгүл Кошонова учурда элдин жардамына муктаж. Анын 10 жаштагы уулу өнөкөт бөйрөк оорусу менен алышып жүргөнүн SUPER.KG порталына айтып берди.

"Өзүм 5-класска чейин эле окугам. Кичинемде колумду ток уруп, дарыгерлер сөөмөйүмдү кесип салышкан. Ошондон кийин калем кармай албай кыйналып, мектептеги окуумду таштап салгам. 2008-жылы Казакстанга 8 айлык баламды көтөрүп алып иштегени кетип, кулчулукка кабылдым. Тоо-ташта мал карап, жылкы айдап, жумуртка чогултуп, май-сүт жасап иштедим. Шарты катаал эле. Мен иштеген Хан-Теңири деген тоодо жайы-кышы кар кетчү эмес. Балам Азиз ысык-суукта, тоо-ташта жүрүп, суук өткөрүп алган окшойт. Өткөн жылы катуу ооруп, ооруканага кайрылдык. Дарыгерлер "балаңдын бөйрөк оорусу 3-4 жашында эле башталган, өнөкөт ооруга айланып кетиптир" дешти. Кыргыз жерине келгенде эле балам экөөбүз алмак-салмак ооруп баштадык. Кудай деле бизди эптеп эли-журтуна жетип алсын деп оорутпай жүргөн окшойт", - дейт ал.

Бактыгүл айым мекенине кайтып келгенден кийин туугандары менен таарынышып кеткен. Ага өзү тууралуу ушактар себеп болгонун айтат.

"Баласын сатып жибериптир", "Казакстанга өзү эле качып кетиптир" деп айтышыптыр. Айтор, ушактардын айынан катуу оорудум. Ошол убакта балам шишип жүргөн, өзүм этек-башымды жыя албай жүрүп, балама жетиштүү көңүл бурбай калыптырмын. Кыргыз өлкөсүнө келсем деле Казакстанда жүргөндөй кыйнала бердим. Балам экөөбүз жүк болбосун деп эч нерсе албай, кийип турган кийимибиз менен эле келе бергенбиз. Бул жакка келгенде аябай кыйналдык. Кайда барба документ сурайт. Шаарда каттооң жок болсо да жаман экен. Балам шишип ооруганынан поликлиникага алып барсам "силердин шаарда каттооңор жок, биз карабайбыз" дешет".

Ал эми Азиздин оорусу былтыр медреседе окуп жүргөндө күч алган.

"Былтыр баламды бир айга медресеге жибергем. Ал жакта үйдөгүлөр менен байланыштырбайт экен. Балам шишип кетсе устаздары аллергия экен деп жүрө беришиптир. Бир күнү кабар алганы барсам көздөрү көрүнбөй калгыча шишип, көкүрөктөрү борсоюп толуп калыптыр. Жолдо келе жатсак сары суу кусту. Ооруканага алып бардым. Дарыгерлер суу толуп шишип кетиптир дешти. Бир аз кечиксем баламды жоготуп алмак экем. Ошондон кийин 3 ай ооруканада жаттык", - деп кошумчалады.

Учурда Бактыгүл Кошонова акчасына ченеп дары-дармек алууда. Ал эми дарыгерлер ар апта сайын ооруканага келип туруусун айткан. Бирок шарты жок болгондуктан ооруканага бара албай жатканын айтат.

"Дарыгерлер арзан дарыларды алсаңар тез-тезден ооруканага жата бересиңер дейт. Жакшылап караса балам айыгып кетет экен. Учурда мектепке барбай жатат. Дарыгерлер "төшөктө жатсын, мүнөздөп тамак беригиле" дешти. Өзүбүз 1 бөлмөлүү жер тамга айына 5 миң сом төлөп жашайбыз. Батир акысын көптөн бери бере элекмин, үйдүн ээси деле абалымды түшүнүп сурабай жатат окшойт", - дейт.

Азиз такай кароого муктаж болгондуктан Бактыгүл айым жумушун таштап койгон. Бирок нан-чай үчүн дагы каражат керек болгондуктан тигүү цехинен кийимдерди алып келип топчу кадайт. Азизди толук дарылатууга, тамак-ашыбызга каражат жок.

"Балам дени соодой көрүнгөнү менен аябай алсыз. Тапшырма берсем жазып жатканда колдору, буттары титиреп жаза албай койду. Мен өзүм сабатсыздыктын чуңкуруна түшүп көп кыйналдым. Балам билимдүү болсун деп, ооруганына карабай окутам деп жүрөм. Мага азыр үй, байлыктын кереги жок. Мен баламдын ден соолугуна, билимине өзүмдү толук арнайм деп чечтим. Уулумдун толук айыгып кетүүсү үчүн кайрымдуу адамдардан жардам сурайт элем. Балам чоңойсо сөзсүз сиздердин керегиңиздерге жараган уул болот!"

Жардам берүүнү каалагандар үчүн Бактыгүл Кошонованын Элсом номери: 0771 19 07 28


кошулду





Казакстанда 7 жыл кул болгон аял: "Мал карап жүрүп уулум каралбай калды. Ал өнөкөт ооруга чалдыккан"

Автор: Илим Туратбек уулу
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(21)
26.04.2018. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Аллах насип кылса жардам беребиз.бизде кайдыгер эмес инсандар коп.копчулук аракет кылалы.аз аздан болсо да жардам берели
26.04.2018. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушуну көрүп туруп кварплат албай турса болобу? Эх элибиз эмне болуп кетээр экенбиз.
Квартиранты өлүп, өлүгүн алып кеткени жатса, үйдүн ээси кварплатты сурап, жанталашып жүрөт, 2000 сом. Эмне болуп кетээр экенбиз. Кудайым өзүң ыйман бере көр.
Aidar151080 түзөттү 2018-04-26 20:53:34
26.04.2018. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Aidar151080,Абалымды тушунду окшойт,сурабай жатат.коптон бери акча бере элекмин дептирго
26.04.2018. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Ээх. Аа эмнеге медреседегилер баланын ден-соолугуна кам корушкон эмес доктур чакыртып текшертишкен эмес? Шишип кеткиче унчукпай отура беришкенин кара.
gute түзөттү 2018-04-26 20:54:12
26.04.2018. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
gute,эмнеге эмнеге деген суроо көп. 3-4 жашынан ооруган деп жазылып турат. Анан баланын конституциясы шишиген сыяктуу экен.
26.04.2018. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ушу казактардын арасында жамандары көп окшойт. Же ниету түз эмес окшойт.
Чек араны жаап канча урон келтирди. Азыр болсо аэропортто кыргыздарды аябай текшеришет экен. Жада калса соткаларын ачып бер деп смстерин окуганга чейин барышат экен.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-04-27 10:21:38
26.04.2018. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rifle_I,чын, чек арадан откорбой только акча тилешет
27.04.2018. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Janna07 мына мен бугун туну келдим алма атага бардым эле эки кунго таможныйдан ар шылтоону айтып откорбой зорго откорду анан да кыргвзча суйлосон жаман корушот экен эки таксиге отурдук экоо тен айткан адреске 2 кочо жеркирбей тушуруп коюшту кыргызча суйлогонубузду угушуп, магазин, кафелерде да жаман корушот экен,казакча суйлош керек экен,биздин кыргыздарга келсе казагына казакча озбегине озбекче орусуна орусча суйлоп жакшы жеткирип коймок барчу жерине
26.04.2018. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Урматтуу админ, дарегин Жана жеке тел.берип кое аласыздарбы?
27.04.2018. 08:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Rubin,Бактыгүл Кошонова 0771 19 07 28
27.04.2018. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эхх жаратканым озун шыпаа бере кор
27.04.2018. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Казактын тили ширин боору катык деп бекер айтылган эмес да.
27.04.2018. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Бала бир жакшына эле экенго?Тообо адамдар акча учун не болуп баратат.Эженин кийген кийими деле бир жакшына анан эми ушундай батирде турса не болуптур шарты жок болсо.Шишип кетти кокуй дейт шишиген бала мындай болбойт.Иштениз эже бир баланы иштеп багалбасаныз не журосуз?Элдер 8 бала 4 бала багып журот кыйналып.Тообо кылдым баланы оорутпасын бирок баланызда чон экен иштениз.Медресени жамандабан озунуз эптеп ал жерге илим алсын деп таштагандын ордуна багып турсун деп таштадыныз белгилуу бул
27.04.2018. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ayida, оа жакшынакай элего корунушу
27.04.2018. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ayida,Нанды чон тиштесен да ,созду чон суйлобо.
27.04.2018. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Оа жакшынакай эле го
27.04.2018. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бойрок оору оной эмес жогорудагы кокмээ коментчилер, коздун алды шишийт,поддержка кылган жакыны жок экен, жардам бербегендер жон эле отуп кетсе....Алдыбызда не жазылганын билбейбиз, Алла шыпаа берсин уулунузга.
27.04.2018. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
meni_kut,Сен жардам бер.
27.04.2018. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Газетага тартат десе жакшы кийинип уйун жыйнап отургандыр,эч бир бала оорубаса экен,эч эне сыздабаса экен,азыр жаштарга аран жумуш табасын ,денсоолугу начар карыган аялга жакшы маянадагы жумуш табыш оной болбосо керек.
27.04.2018. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
meni_kut,Бул жерде мен жардам бербегиле деген жокмун.Бирок мен туура эле айтып жатаам.Жардам береери жок Россияда деле журушот иштеп.Адам иштеш керек. Бироодон ачка калып олуп кала турган болсон эле жардам сура болбосо Аллахтан дуа кылып эле озун иштеп тап. Садаканы да ала берген болбойт кок мее
27.04.2018. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушу "кулчулук" дегенге мамлекет эмнеге конул болбойт? Же чет олколук жарандардын укугу корголбойбу эмне?...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: