"Орусиядан жарым миллиард долларга соода борборун сатып алган Кыргыз жараны ким?" Депутат Сайдулла Нышанов кызыкты
27-апрелде Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын отуруму өттү. Анда Башкы прокуратуранын, УКМКнын өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө депутат Сайдулла Нышанов Орусиядан 500 миллион долларга соода борборун сатып алган Кыргыз жараны ким экенине кызыкты. Анын айтымында, ал жаран ким болсо да, Кыргыз мамлекетине салык төлөшү керек.
"Жакында Орусиядан Кыргыз мамлекетинен барган адам 500 миллион долларга соода борбор сатып алыптыр. Ал ким экен ошончо акчаны алып чыгып барып соода борбор сатып алган? Эгерде чын болсо, ал салык төгүшү керек. Азыр анын ким экенин эл күтүп жатат", - деди Нышанов.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
-8

