Сооронбай Жээнбеков экс-депутат жана мурдагы министр Айбек Азыранкуловду өзүнө кеңешчи кылып дайындады (өмүр баяны)
Айбек Азыранкулов президент Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Азыранкулов Айбек Жаныбекович 1979-жылы 10-январда Чүй облусунун Чалдыбар айылында туулган. 2001-жылы Бишкек гуманитардык университетин "психолог-практик" кесиби боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолун 2002-жылы "Чалдовар-Суу" суу пайдалануучулар ассоциациясында көзөмөлдөөчү болуп баштаган.
2005-2007-жылдары - Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы;
2009-2010-жылдары - Жогорку Кеңештин депутаты;
2010-2013-жылдары - өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
2014-2015-жылдары - эмгек, миграция жана жаштар министри болуп эмгектенген.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
9

