super.kg logo
  Саясат  

Сапар Исаков иш тапты. КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаевдин орун басары болду

 

Сапар Исаков КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаевдин орун басары болду. Бул тууралуу 27-апрелде аталган саясий уюмдун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, саясий кеңештин мүчөлөрү орун басарлыкка Мурадыл Мадеминовдун, Асел Кодуранованын жана Сапар Исаковдун талапкерлигин карап, бир добуштан колдоп беришти.

Буга чейин КСДПнын лидеринин орун басары Фарид Ниязов болчу, ал "Апрель" коомдук фондунун директору болуп дайындалган.

Айта кетсек, 2018-жылдын 19-апрелинде Жогорку Кеңеш Сапар Исаков баштаган өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Президент Сооронбай Жээнбеков бул чечимге кол коюп, өкмөттү отставкага кетирген.

26-апрелде мурдагы премьер-министр УКМКга Бишкек ЖЭБ боюнча суракка чакырылган. Ал сурактан чыгып, тергөөчүлөрдө анын президенттик аппаратта иштеген убактагы жумуштары боюнча кээ бир суроолор бар экенин билдирген.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -16 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: