super.kg logo
  Саясат  

Президент өзүнүн кеңешчисин УКМКнын орун басарлыгына дайындады

 

Асылбек КожобековПрезиденттин кеңешчиси Асылбек Кожобеков ээлеген кызматынан бошотулуп, УКМКнын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Сооронбай Жээнбеков кол койгонун президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, мындан тышкары Жээнбеков Рустам Мамасадыковду УКМКнын төрагасынын орун басарлыгынан бошотту.

Асылбек Кожобеков 1971-жылы 27-июнда Кара-Балта шаарында төрөлгөн.

1992-жылы Украинадагы Донбасс Пролетариаты атындагы Жогорку авиациялык штурман-учкучтар училищесин аяктаган.

1994-жылы - Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин жогорку жогорку курсун аяктаган;

2002-жылы - Кыргыз-Орус Славян университетинен юриспруденция адистигине ээ болгон;

1993-2005 - улуттук коопсуздук органдарында кызмат кылган;

2005-2007 - Кыргыз-Орус Славян университетинин алдындагы стратегиялык анализ жана прогноз институтунун эксперт-аналитиги;

2007-2010 - улуттук коопсуздук органдарында кызмат кылган;

2010-2013 - Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;

2013-2017 - УКМКда кызмат өтөгөн;

2017-жылдын декабрь айында президенттин кеңешчиси болуп дайындалган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 12 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: