super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 28-АПРЕЛЬ: Эне тилинен сырткары англис, француз жана италиялыктардын тилинде эркин сүйлөй алган актриса Пенелопа Крус 44 жашка чыкты

 

Испаниялык актриса Пенелопа Крус 1974-жылы 28-апрелде Испаниянын Алькобендас аймагында туулган. Кичинекей кезинен баштап классикалык балетти өздөштүрүп, Нью-Йорктогу белгилүү мектептердин биринде бий өнөрүн өздөштүргөн.

14 жашында актрисалык кесипти тандоону чечип, бир жылдан кийин агенттикке кабыл алынган. Алгачкы жолу 1989-жылы "Mecano" поп-тобунун клибине тартылып, 1990-1997-жылдар аралыгында өспүрүмдөр үчүн телешоунун алпаруучусу болуп эмгектенген.

Анын кинодогу карьерасы 1991-жылы жарыкка чыккан "Күлгүн серия" сериалындагы ролу менен башталган. Бир жылдан кийин "Хамон, хамон" тасмасына тартылып, андагы ролу үчүн испандардын "Гойя" сыйлыгын алган. Ошондой эле "People" журналы аны "жылдын секс-символу" деп атаган. 1993-жылы актриса "Көрктүү доор" фильминде башкы ролдо ойноп, "Spanish Actors Union Award" сыйлыгына татыган.

Эне тилинен сырткары англис, француз жана италиялыктардын тилинде эркин сүйлөй алган актриса 1998-жылдан тартып Голливуд тасмаларына тартылып, дүйнөлүк атак-даңкка жеткен.

Актрисанын эл эсинде калган жана ага атактуулукту алып келген ролдору катары "Бандиттер", "Кайтып келүү", "Элегия", "Кеңешчи" жана башка тасмалардагы образдары эсептелет.

2017-жылы "Кылмыштын америкалык тарыхы" сериалында Донаттелла Версаченин ролун аткаруу үчүн келишимге кол койгон. Бул актрисанын телевидение үчүн тартылган алгачкы ролу катары саналат.

Чыгармачылыктан сырткары кайрымдуулук менен алектенет. Белгилүү актёр, актрисалар менен биргеликте жер титирөөдөн жабыр тарткан үй-бүлөлөргө, оорулуу адамдарга жана муктаж болгондорго материалдык жактан колдоо көрсөтүп келет.

Жолдошу менен

2010-жылы актёр Хавьер Бардемге турмушка чыккан. Түгөйлөрдүн ортосунда 2011-2013-жылдары жарыкка келген кызы жана уулу бар.

28-апрелдин жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: