super.kg logo
  Саясат  

2019-жылдан тартып энергетика үчүн алынган тышкы карыздардын төлөмдөрү кескин жогорулайт

 

2019-жылдан тартып энергетикага алынган тышкы карыздардын төлөмдөрү кескин жогорулайт. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов бүгүн, 28-апрелде өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушуу учурунда билдирди.

Маалыматка ылайык, жакынкы жылдарга электр энергиясын пайдалануунун жогорулашы күтүлүүдө, натыйжада кубаттуулуктун кошумча көлөмдөрү менен камсыздоо зарылдыгы пайда болот.

Уланбек Рыскулов кошумчалагандай, 2017-жыл үчүн энергетикалык сектордогу акча каражатынын таңкыстыгы 1,2 миллиард сомду түзүп, ал эми пландык көрсөткүч 1,7 миллиард сомго барабар болгон. Ошондой эле ал 2019-жылдан тарта энергетикалык тармактын чет элдик карыздары боюнча төлөмдөрү кескин жогорулап, анын эң жогорку деңгээли 2025-жылга туура келип, төлөмдүн ар жылкы суммасы болжол менен 11,8 миллиард сомду түзө турганын белгиледи.

Өкмөт башчы энергетика жаатында орун алып жаткан акыркы окуялардын фонунда коомчулуктун аталган тармакка карата ишеними кескин төмөндөгөндүгүн айтып өттү. Премьер-министрдин айтымында, мунун бардыгы натыйжасыз башкаруу, айрым жетекчилер ачык эмес ишмердүүлүк жүргүзүүсү жана чогулган көйгөйлөрдү чечүүнү создуктуруусуна байланыштуу келип чыккан.

Мухаммедкалый Абылгазиев аталган тармактын ишинин ачык-айкындыгын камсыздоо зарылдыгын баса белгилеп, өлкөнүн энергетикалык тармагынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды ыкчам тартипте киргизүүнү тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: