super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 29-АПРЕЛЬ: "Биллди өлтүрүү" тасмасы аркылуу атактуулукка жеткен америкалык актриса Ума Турман 48 жашка чыкты

 

"Кооптуу байланыштар", "Сулуу кыздар", "Биллди өлтүрүү" жана башка бир канча белгилүү тасмаларда роль жараткан америкалык актриса Ума Турман бүгүн 48 жашка чыкты.

Ал 1970-жылы 29-апрелде Бостондо төрөлгөн. Атасы Роберт Турман Колумбия университетинде сабак берсе, апасы Нена белгилүү швед модели болгон. Актриса атактуулукка Квентин Тарантинонун "Биллди өлтүрүү", "Биллди өлтүрүү 2" тасмаларындагы ролдору аркылуу жеткен.

Албетте, дароо эле кино тармагына аралашып калган эмес. Алгач Нью-Йорк шаарына көчүп келип, идиш жууп иштеп жүргөн. Кийинчерээк модель болууну көздөп, көптөгөн кастингдерге катышкан. Андан соң кинолордун эпизоддорунда роль жаратып жүрүп, кийинчерээк баш каармандын образын чагылдырууга кирише баштаган.

Актриса 1990-жылы актёр Гэри Олдменге турмушка чыгып, эки жылдан кийин ажырашып кетишкен. 1998-жылы актёр Итан Хоукко турмушка чыгат. Бир уул, бир кыздуу болгондон соң 2005-жылы эки башка жолду тандашат. 2007-2014-жылдары финансист Арпад Бюссон менен жарандык никеде жашап, бир кыздуу болгон. Бюссон Лондон шаарында Ума Турман Нью-Йорк шаарында жашагандыктан бул жолдошу менен да ажырашууга аргасыз болот.

29-апрелдин жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: