super.kg logo
  Саясат  

Депутат Алмамбет Шыкмаматов: "Эгерде адилеттүү заман орногон болсо, Текебаевдин иши кайра каралышы керек"

 

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов SUPER.KG порталынын Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаевдин кылмыш иши кайра каралышы керекпи деген соболуна жооп берди.

Шыкмаматов Текебаевдин кылмыш иши саясий себептер, жалган жалаа менен токулганын белгиледи. "Текебаевдин кылмыш иши ойдон чыгарылган. Маевский менен укук коргоо органдары өнөктөш болуп, Текебаевди камоого болгон аракеттерин жумшаган. Аны камоо үчүн биринчи "Белизгейтти" ойлоп табышкан. Бирок ал тилегин ит капкан. Андан кийин Маевскийди пайдаланышты. Айтор, Текебаевди кандай гана жол болбосун түрмөгө отургузуу керек болчу. Эгерде адилеттүү заман орногон болсо, Текебаевдин кылмыш иши кайра каралышы зарыл. Мындан ары мыйзамдуулук болот, соттор адилеттүү чечим чыгарат деп коомчулук үмүт артып турабыз", - дейт Шыкмаматов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Анвар Артыков, Мирлан Жээнчороев, Акылбек Жапаров, Зарылбек Рысалиев, Мирлан Бакиров, Аалы Карашев, Алмазбек Баатырбеков, мурдагы депутат Аида Салянованын пикири төмөнкү шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: