super.kg logo
  Саясат  

Депутат Акылбек Жапаров: "Бир бол" фракциясы саясий кылмыш иштери кайра каралышы керек деген позицияда"

 

"Бир Бол" фракциясынан депутат Акылбек Жапаров SUPER.KG порталынын Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаевдин кылмыш иши кайра каралышы керекпи деген соболуна жооп берди

Акылбек Жапаров саясий иштер кайрадан каралышы керек деген пикирде. "Бир Бол" фракциясынын саясий иштерди кайрадан караш керек деген пикирин лидер Алтынбек Сулайманов маалымат каражаттарына айтып чыкты. Биз ошондой позициядабыз. Мыйзам менен жашаганды үйрөнүшүбүз зарыл. Бир кишинин эмоциясы менен эле кылмыш иши, сот иштери болбош керек. Ал үчүн Кылмыш-жаза кодекси деген бар. Мындан ары мыйзам жолуна түшпөсөк бири-бирибизди кырып бүтүп, башкаларга жем болобуз", - деди Жапаров.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Анвар Артыков, Мирлан Жээнчороев, Зарылбек Рысалиев, Мирлан Бакиров, Аалы Карашев, Алмазбек Баатырбеков жана мурдагы депутат Аида Салянованын пикири төмөнкү шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: