super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 1-МАЙ: 100дөн ашуун обонунун бирин дагы жубайына арнабаган Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Жаныш Кочкоров 64 жашка толду

 

"Өмүр дайра", "Кимибизден", "Талантты сүйгөндөрдүн эсиндемин" жана башка бир канча ырлардын обонун жазган Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, обончу жана аткаруучу Жаныш Кочкоров 64 жашка толду. SUPER.KG порталы залкар обончуну куттуктап байланышка чыгып, туулган күнүн кантип өткөрүп жатканына кызыгып көрдү.

"Бүгүн Эмгекчилердин эл аралык күнүнө карата Кара-Көл шаарынын сейил багына концерттик иш-чарага барып келдим. Ал эми маданият үйүндөгү кесиптештерим туулган күнүм менен куттуктап, мага ырдап беришти. Ошондой эле акимчиликтен да куттуктоолор болду. Кечинде үй-бүлөм менен белгилейбиз. Уулдарым, неберелерим куттуктайбыз деп даярданып жатышыптыр", - дейт ал.

Жаныш Кочкоров 1954-жылы 1-майда Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Мал-Калды айылында төрөлгөн. Мектепти аяктаган соң 1971-жылдан баштап Токмок шаарындагы Маданият техникумунда билим алган. Аны бүткөн соң Хабаровск шаарында аскердик кызматын өтөп келип, Кара-Көл шаарындагы маданият үйүндө иштеп калган.

Чыгармачылыкка студенттик курагында аралаша баштаган. Эң алгачкы обону - "Сагындырба". Андан кийин "Караймын дайым жолуңду", "Эгерде болсо чын сүйүү", "Жеңеме" деген обондорду чыгарган. Булардын ичинен элге эрте тараганы "Жеңеме" аттуу чыгармасы болгон. Бул ырдын элге таралышы тууралуу мындай деп эскерген.

"Бир жолу Ош шаарында радиодо иштеген тааныштарым менен ичип отуруп ырдап берип койсом, "жаздырып калалы, өзүбүз угуп жүрөлү" деп суранышты. Мен ырдап коюп, "муну радиодон бербегиле, уят" десем "макул" деп калышкан. Кетерим менен эфирге коё беришиптир. Эртеси күнү Кара-Көлгө келсем кичинекей балдар угуп, "ойолуп колуң мойнума, жатасың менин койнумда" дешип артымдан ээрчип алышыптыр. Мен кубалайм, алар болушпайт".

Жаныш Кочкоров 1976-жылы Оңолбү аттуу айымга үйлөнүп, 3 уул, 1 кызды тарбиялап өстүргөн.
"Чыгармачыл адамдарга жубайлары тоскоолдук кылса, эч иштей албайсың. Менин жубайым кызганчаак болсо, балким, менден обончу чыкпай калмак. 100дөн ашуун обонумдун бири да ага арналган жок. Азыр деле кээде "сен башкаларды жакшы көрөсүң, обонуңду ошолорго арнап жаздың" деп кызганымыш болуп калат. Мен "сөздү акындар жазат, мен болгону аларга обон жазам" деп кутулам", - деген ал.

Учурда Жаныш Кочкоров Кара-Көл шаарындагы маданият үйүндө иштейт.

1-майдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
01.05.2018. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жаныш Кочкоровду аябай сыйлайм ырларын абдан баалайм. Жакшы ырчы. Анын канча ырларын ырдап коп ырчылар наамдарды алып атышат. Эл артистин давно бериш керек эле кызы , небереси менен тен кыздар, балдар алып атышат. Ушундай талантка эл артистин бербегенине ичин ачышат. "Өмүр дайра", "Кимибизден", "Талантты сүйгөндөрдүн эсиндемин", "Сагындырба" не деген керемет элдин калын катмарына синген чыгармалар...
02.05.2018. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Малкалды чогуу эле жазылат...

Талантыңызды сыйлайбыз, туулган күнүңүз менен!

1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: