super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 1-МАЙ: Бүгүн туулган күнүн белгилеп жаткан ырчы Ташкент кызы Гүл: "Жолдошум туулган күнүмдө сюрприз жасоону адатка айлантып алган"

 

Бүгүн "Барам сага", "Сүйүү жалган" ырлары менен таанылган ырчы Ташкент кызы Гүл 32 жашка толду. Эстен кетпеген эски жылдызды SUPER.KG порталы туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкты.

"Бул күнү биздин үйдө кош майрам. Анткени кызым Райяна да ушул күнү төрөлгөн. Туугандарым жылда куттуктап келишет. Ал эми жодошум жыл сайын оригиналдуу белек берет. Сюрприз кылганды адат кылып алган. Балдарымдын берген белектери мен үчүн оригиналдуу. Өз колдору менен өзгөчө "открыткаларды" берип, мени таң калтырганга аракет кылышат", - дейт туулган күн ээси.

Ырчы Ташкент кызы Гүл 1986-жылы 1-майда Талас районунун Манас айылында төрөлгөн. 5-классынан тартып ыр жаза баштаган. 9-класста биринчи обонун жараткан. Алгач өзү үчүн ырларды, кийинчерээк ырчыларга жаза баштаган. Мисалы, Султан Садыралиев, Мирбек Иманбеков, Сема өңдүү ырчыларга ыр жазып берген.
Мектепти бүткөн соң Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин актёрлук бөлүмүнө кабыл алынган. Бир жылдан кийин музыка боюнча сабак өтүү бөлүмү­нө которулган.

2008-жылы ырчы турмушка чыгып, 1 кыз, бир уулдуу болгон. Учурда жеке менчик мектепте мугалим болуп иштейт.

Ырчы "Мен өзгөрүп баратам", "Барам сага", "Сүйүү жалган" жана башка ырлары менен популярдуулукка жеткен.

1-майга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
01.05.2018. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кенеш тобуна да ыр жазып берген го адашпасам
01.05.2018. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окул эне окул атасы болот адашпасам...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: