Ырчы Гүлзада Рыскулова 4-уулун жарык дүйнөгө алып келди
Бүгүн, 1-майда белгилүү ырчы Гүлзада Рыскулова 4-ирет эне статусуна ээ болду. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына сүйүнчүлөдү.
"Бүгүн саат 11:20да борбордогу төрөтканалардын биринде 4-наристемди жарык дүйнөгө алып келдим. Албетте, төрөт деген оңой болбойт. Бир аз кыйналдым, бирок анын баары артта калды. Учурда балам экөөбүздүн тең ден соолугубуз жакшы. Жакындарыбыздын баары телефон аркылуу байланышка чыгып, жакшы каалоо-тилектерин айтып жатышат. Уулум 4 килограмм 200 грамм салмакта төрөлдү. Азырынча ысым тандай элекпиз", - дейт ырчы.
Айта кетсек, буга чейин ырчы 3 уулдун энеси болсо, эми 4 эркектин апасы болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
2

Куттуктайм АЛЛАХЫМ колдосун!