super.kg logo
  Саясат  

Укук коргоочу Рита Карасартова: "Ар бир кишинин жумуштан алынганда сотко кайрылганга толук мүмкүнчүлүгү бар"

 

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду Райымбек Матраимов "мени негизсиз жумуштан алды" деп сотко берген. Бул иш эртең, 2-майда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда каралат.

Матраимовдун Исаковду сотко берүүсүнүн мыйзамдуулугу талаш жаратууда. SUPER.KG порталынын бул боюнча cиздин пикириңиз кандай деген соболуна укук коргоочу Рита Карасартова жооп берди.

Ал бул иш эмгек талашы экенин белгиледи. "Ар бир кишинин жумуштан алынганда сотко кайрылганга толук мүмкүнчүлүгү бар. Матраимов деле сотко берип жатканда жөн бербесе керек. Юристтер менен кеңешти да. Саясий кызмат деп эле саясатка такап жатабыз. Ал сотко мыйзамдын негизинде эле кайрылды болуш керек", - дейт Карасартова.

Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Айнуру Алтыбаева, Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Феликс Куловдун пикири төмөнкү шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: