super.kg logo
  Саясат  

Депутат Исхак Масалиев: "Өкмөт башчысы дайындаган кызматкерлер сотко бере албайт деген мыйзам бар"

 

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду Райымбек Матраимов "мени негизсиз жумуштан алды" деп сотко берген. Бул иш эртең, 2-майда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда каралат.

Матраимовдун Исаковду сотко берүүсүнүн мыйзамдуулугу талаш жаратууда. SUPER.KG порталынын бул боюнча cиздин пикириңиз кандай деген соболуна Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Исхак Масалиев жооп берди.

"Мен кандай дооматтын негизинде сотко берилгенин билбейт экенмин. Өкмөт башчысы дайындаган кызматкерлер сотко бере албайт деген мыйзам бар. Эгерде ал киши башка нерсеге каршы болсо, анда билбейм", - дейт Масалиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева, Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Феликс Кулов, укук коргоочу Рита Карасартованын пикири төмөнкү шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: