super.kg logo
  Саясат  

Депутат Айнуру Алтыбаева: "Матраимов менен Исаковдун иши эмгек талашы болуп эсептелет"

 

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду Райымбек Матраимов "мени негизсиз жумуштан алды" деп сотко берген. Бул иш эртең, 2-майда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда каралат.

Матраимовдун Исаковду сотко берүүсүнүн мыйзамдуулугу талаш жаратууда. SUPER.KGпорталынын бул боюнча cиздин пикириңиз кандай деген соболуна Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Айнуру Алтыбаева жооп берди.

Алтыбаева бул иш эмгек талашы болуп эсептеле турганын айтты. "Аталган иш эмгек талашы болгондуктан, бул боюнча комментарий бере албайм. Соттун чечими мыйзамдын негизинде болот. Мамлекеттик кызмат саясий кызмат, административдик кызмат болуп бөлүнөт. Бул жерде талаш-тартыштар бар", - деп белгиледи эл өкүлү.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев, Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Феликс Кулов, укук коргоочу Рита Карасартованын пикири төмөнкү шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: