super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 3-МАЙ: Акча берет экен деп ырчылык каалоосу күч алган ырчы Салима Балтаева 44 жашка толду

 

Бүгүн эстрада ырчысы, "Достор" тобунун солисти Салима Балтаева 44 жашка толду. Ырчыны куттуктап SUPER.KG порталы байланышка чыкты.

"Мен Ош шаарында иштерим менен жүргөм. Туулган күнүмдү белгилегенге убактым, көңүлүм деле жок. Бирок классташтарым кече уюштуралы деп жатат", - дейт ал.

Салима Балтаева 1974-жылы 3-майда Алай районунун Жошолу деген айылында төрөлгөн. Атасы совхоздун бригадири, апасы анын жардамчысы болгон. Үй-бүлөдө 10 бир туугандын жетинчиси.

"Ата-энем жакшы ырдашчу. Апам кошокту мыкты айтат. А мен бала бакчага барганда эле ырдачумун. Атүгүл ырдаганым үчүн айрымдар акча берип коюшар эле. Баёо кез да, акча карматып коюшса, "акча берет экен" деп ырчылыкка болгон каалоом ого бетер күч алчу. Мектепке жаңы барганда мугалим бизден "ким баш тамганы билет" деп сураса, "мен жазганды билем" деп фамилиямды "Балтайева" деп жазганым эсимде. Бизге тамга тааныганды бала бакчадан эле үйрөтүшкөн болчу", - деген ал.

Мектепти аяктагандан кийин Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрына барып, ошол жактан опера жаатында билим алып, андан соң Улуттук консерваторияга тапшырган. 2 жыл опера-балет театрында, 5 жыл консерваторияда билим алган. Андан кийин 2 жыл консерваториянын аспирантурасында окуган.

Окуусун аяктагандан кийин Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда эмгектенип келе жатканына 14 жылдын жүзү болду. Алгач Айбек Карымов менен "Дил кайрык" деген ырды ырдап чыкканда таанылган. Андан кийин Кутман Жолдошев, Орозгүл Токторбаева, Майрамбек Осмонов, Чырмаш Төрөбеков менен дуэт ырдаган.

Ырчы 29 жашында Мамат аттуу мырзага турмушка чыгып, Сайкал, Сумая жана Сабина деген кыздарды тарбиялап келет.

2007-жылдан бери "Достор" тобунда ырдайт.

3-майга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: