Жан Воинов Новосибирскте өткөн бий фестивалында алдыңкы орундарды багындырды




Орусиянын Новосибирск шаарында өткөн "Сибпрокач" аталышындагы бий фестивалында Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышкан бийчи Жан Воинов бийдин локинг түрү боюнча 1-орунду, поппинг боюнча 2-орунду багындырды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы жеке баракчасына жазып чыкты.
Маалым болгондой, фестиваль 27-апрелден 1-майга чейин уланган. Анда КМШ өлкөлөрү, Франция, Канада, Германия, Испания, Португалия, Украина жана башка мамлекеттерден келген 300гө жакын бийчи катышкан. Катышуучулардын 30 пайызын гана Новосибирсктин тургундары түзгөн.
Белгилей кетсек, Жан Воинов - белгилүү спортчу, машыктыруучу Александр Воинов менен алып баруучу Ассоль Молдокматованын уулу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.