super.kg logo

Бойдоктор чамдагыла! Гүлзат Мамытбек миллионер күйөө издесе, ырчы Назгүл Токтакуновага оор басырыктуу күйөө керек

 

"Тур, турагой, кыргызым" деп интернет жылдызына айланган Гүлзат Мамытбек бул ирет социалдык тармактагы баракчасы аркылуу идеалдуу күйөө табууга жардам бергиле деп кайрылган.

Анда Гүлзат айым: "Урматтуу менин баракчама катталуучулар, мага силердин жардамыңар керек. Менин кыялымдагы мырзаны жолуктурууга жардам бергиле. Эгер сен ошондой эркекти жолуктуруп калсаң, ага мен жөнүндө кабарлап кой. Ал деле мени издеп жүргөндүр. Экөөбүздүн табышып калышыбызга себепкер бол!" - деп кайрылуу жасаган.

Жолдошум болчу адамга 40 талап:

1. Позитивдүү;

2. Перспективдүү;

3. Койгон максатына умтулган;

4. Шайыр;

5. Күч-кубаттуу;

6. Дайыма жылмайып жүргөн;

7. Бийик максаттарды койгон;

8. Адамдар менен бат тил табышкан;

9. Өзүн жана башка адамдарды сүйгөн;

10. Жардамга муктаж адамдарга кол сунган;

11. Дайыма билим алууга умтулуп, өзүн өстүрүүнүн үстүндө иштеген;

12. Жаш балдарды аябай жакшы көргөн;

13. Келбеттүү;

14. Бою узун (170 сантиметр);

15. Камкор;

16. Берилип сүйгөн;

17. Жакшылыкты билген;

18. Англис жана чет тилдерде сүйлөй алган;

19. Бир нерсени тез өздөштүрүп кете алган;

20. Үй-чарбасындагы иштерди жасоого жардам берген;

21. Менин эркиндигимди чектебеген;

22. Мага суктанган;

23. Менин баштаган ишиме колдоо көрсөтүп турган;

24. Акылман;

25. Терең ой жүгүрткөн;

26. Чынчыл;

27. Маданияттуу, сылык (мега маанилүү!);

28. Тыкан;

29. Чыгармачыл;

30. Тамеки чекпеген, алкоголдук ичимдиктерди ичпеген;

31. Жароокер;

32. Кумарлуу;

33. Мээнеткеч, жакшы жыйынтык үчүн иштеген;

34. Жеңилбес;

35. Ишенимдүү жана берилген;

36. Уюштуруучулук жөндөмгө ээ;

37. Башка адамдардын позициясын жана диний ишенимин сыйлаган;

38. Менден да көп акча тапкан;

39. Жеке ою менен позициясы так болгон;

40. Миллионер болуп, миллион адамга жардам берем деген эркек болушу керек.

Ал эми Кыргыз шоу-бизнесиндеги атактуу, башы бош айымдарыбыз болочоктогу жолдошун кандай элестетет деген сурамжылоо жүргүздүк.

Фарида Карбозова, ырчы: "Келечектеги жолдошум билимдүү болушу керек"

"Мен үчүн адамдык сапаты биринчи орунда турат. Ал чынчыл, март, чечкиндүү болушу керек. Анан дагы сүйүүсү күчтүү болуш керек. Себеби сүйүү болсо көп кемчиликтерге көз жумуп коёсуң. Келечектеги жолдошум билимдүү болуусун каалайм. Анткени билими болсо бардык жерден жумуш таап, үй-бүлөнү багып кете алат", - дейт.

Асел Касымова, ырчы: "Болочоктогу жолдошум билимдүү жана келишимдүү болот"

"Мурда келечектеги жолдошум мындай болуш керек, тигиндей болуш керек дечүмүн. Азыр берилип сүйгөн мырзаны күтүп калдым. Анан дагы келечегин ойлогон, жашоого олуттуу караган болуш керек. Эгерде максаты жок болсо, ал адамды сүйүп калсам дагы аны жаныма жолотпогонго аракет кылам. Мен сезимим менен эмес, акылым менен чечим чыгарам. Буюрса, болочоктогу жолдошум билимдүү, келишимдүү болот. Алдыга койгон чоң максаттарына жетет", - дейт ырчы айым.

Назгүл Токтакунова, ырчы: "Көп сүйлөбөгөн, оор басырыктуу мырза болуш керек"

"Менин келечектеги жолдошум биринчиден, көп сүйлөбөгөн, оор басырыктуу болуш керек. Жалжаке, сылаңкороз эмес, эркектерге таандык бардык сапаттарды алып жүргөн мырзаны жолдошум катары элестетем. Ошондой эле бою менден кыска болбошу керек. Бирок келбети сулуу болуш керек деген талап жок", - дейт ал.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(98)
03.05.2018. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Гулзат издеген миллионер бала жакында эле москвага кетти. Ал миллионер болгуча өтө көп бар.
03.05.2018. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Эрте менен туруп анан бетинерди жакшылап самындап жууп, анан фотого тушкулочу бир көрөйүн кимиң сулуу экенсиң
03.05.2018. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Мен миллионер болсом жапжаш кыз алмакмын, анан ырчы ,куудул , актрисанын эмне кереги бар үйдө жумуш кылбаган дан кийин
03.05.2018. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Гүлзат ал кыялыңды алтын балыка айт.Миллионер да миллионерша аял алат ,тең теңи мн тезек кабы мн.
03.05.2018. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Nevestkaa,алтын балыка айтса алтын балык инфаркт болуп олуп калаткоо)))
03.05.2018. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Оой жашынар отуп баратат кыздар.Силер издеген мырзалардын баарынын аялдары бар.Билбейм эми токол эле кылып алышпаса.
03.05.2018. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Фарида Карбозова бойдок беле?
03.05.2018. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Булар бойдок кыздар эмес,булар бойдок аялдар
03.05.2018. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Назгулдун колун Айбек деген жигити сураган болчу го. Торт жылдан бери суйлошуп журобуз деп интервью да беришкен эле. Уйлонбой турган болуп калыштыбы.
03.05.2018. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бойдок, жакшы мырза болсо, мен жөнүндө дагы кабарлап койгула, ал дагы мени издеп жүргөндүр, экөөбүздүн табышканыбызга себепкер болгула.
03.05.2018. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Гүлзат сектого кирип алып күйөө издеп аныда киргизейн деп жатабы
03.05.2018. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
мен жар издейм, томонкудой сапаттарга ээ болушу керек: 1) коп суйлобогон, менин туугандарымды жаркырап тосуп алган, кайненеси урушса да жаркылдап кулуп турган, тамакты жакшы жасаган, кунуно 10 уйду сааган, камыр жууруп нан салганды билген, жарма, бозо, чалап жасаганды билген, жайында бээ саап таттуу кымыз жасай алган, атты укмуш чапкан, уйду таза кармаган, кундузу же тун жарымда досторум келсе кабагын туйбогон, колдо жок болуп калса конулу чокпогон, алыс жерден бакан менен суу которуп келе алган
03.05.2018. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
kulik,Анда сен Анжеликага уйлон
03.05.2018. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу админ, Назгул Токтакунова качандыр бир сиздерге жигити экоо маек беришкен элего жакында уйлонобуз деп ал жигит чыгармачыл адам болуш керек, эгер калп адашпасам
03.05.2018. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Paprikafm,тууганым азыр бойдок значит уйлонбой калышкан.Жашоодо биз кутпогон нерселер да болот тура
03.05.2018. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
сузмо кайнатып курут жасай алган, катар-катары менен бала торой алган, балдарды урушпай, нерв болуп, торотко чейин тороттон кийинки же торогонго даярданганга чейинки стресс депрессия болбогон, сайма сайган, жун сабап кийиз, ала кийиз жасаган, шырдак шырыганды билген, жакшылык жамандыктарга такай барып турган, аны жейм муну жейм дебеген, ажылдап мээни орутпаган, бетинде жасалма боектору, жасалма кашы, жасалма кирпиги жок кыз керек. Эгер ушул талаптарга жооп берген кыздар бар болсо, мага кабарлашк
kulik түзөттү 2018-05-03 16:35:20
03.05.2018. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kulik, сен биринчи ошого татыктуусунбу деген суроо туулат да...
04.05.2018. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
KOCMOC,Неге какшыкты тушунбойсунор?
03.05.2018. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kulik,оой буууууй талап укмуш го,бутун кыргыз элин туро кыдырыш керек мындай талапка жооп берчу кызды табыш учун...)))Молодец!...))))
nazira1989 түзөттү 2018-05-03 23:02:05
04.05.2018. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kulik,бар. Менин курбу кызымдын колунан баары келет. Сен айткан талаптарга жооп берген,жана да кошумча курак курап тошоктордун турун жасаган. Бирок сенден улуу болуп калат экен
03.05.2018. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тур турагой кыргызым, кыздар сени издөөдө
03.05.2018. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Жалгыздык жалгыз АЛЛАХКА жарашат. Кыялынардагы мырзаны кутуп журуп жашынарда бир топко барып калатко. Ыйман адеби бекем жигитке турмушка чыга бергиле,анткени ак никенин устуно тургузулган суйуу туруктуу жана бекем болот.Эртерээк уй було кутуп бала жытына балкып, суйуктуу жар болгонунар жакшыго.
03.05.2018. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тагдырыңарга кимди жазган болсо ошону менен жашайсыңар.
03.05.2018. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Озунорду бир кузнудон карап алгылачы бироосу да ыймандууу адам издебептир гоооо
03.05.2018. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Гулзат Мамытбек эжеке ушундай эркек барбы деп алтын балыктан сураса балык олуп калыптыр болуптур
04.05.2018. 03:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aziiiz,кошулам)өзүн да күзгүдөн бир карап коюшун суранам)
03.05.2018. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фарида эжени аябай суйом, бирок мен жаны окууну бутуп жаткан студентмин.....окунучтуу
04.05.2018. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aziiiz,Менин Фаридага окшош синдилерим бар кааласан тааныштырып коем.))
03.05.2018. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулзат кантет ай, женелеринерге айткыла.
03.05.2018. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акыл болуш кк мин миллиардер болсом да акылын болбосо куйуп Кул болот. Сиз издеген мырзага жолугуш кыйынгооо. Тур турагой кыргызымды жуктоп койгулачы
03.05.2018. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Идеалдуу адам болбойт дечуу беле
04.05.2018. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kanzada97, +++ Иделдуу адамды бул озун суйгон адам,себеби аны сен бар кемчилдиги менен суйосун.
03.05.2018. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Гулзат жомокто жолуктурасын андай жигитти ишенип кой.
04.05.2018. 03:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alixan-Nookat.2015,
04.05.2018. 03:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sherzatik,азаматсың туура жооп)
03.05.2018. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Гулзаттын талаптары ото кучтуу го,озу ошондой эркекке татыктуубу десен,таппайсын андай сенин 40 талабына жооп бере турган эркекти,карып деле калыпсын,эптеп Бир чалга тийип алсан да чон иш эле.оздорун деле Бир кузгудон карашпайт го буларын.же...жон эле озорун пиарлоонун Бир жолу бул
03.05.2018. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Гулзатка дагы кырк талап койсо экен ким алса дагы.Тантырап суйлобо мусулман бол кыздай бол ж.б талаптар.Кызга кырк уйдон тыю дейт.Кул жейм дейт куйрукту Кудай билет буйрукту.Миллионер издебей жакшы жигиттерден издегиле эн башкысы КЫРГЫЗ болсо экен.Баарынарга ыймандуу силерди дагы ыймандуу кылган жигит насип кылган болсун
04.05.2018. 03:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Mamiev,туура!!
03.05.2018. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Кач качагой кыргызым, шарты өтө көп экен
03.05.2018. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Гульзат сен лучше күйөөгө тийбей эле кой сенин талабына жооп берген эркектер али төрөлө элек
03.05.2018. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыргызымдын ар бир кызы бактылуу болгонго укугу бар. Бактылуу болгула! Кудайым эртэли-кечтир, созсуз тилегинерди берет. Негативный комментарийлерди жазгандарга айтаарым; бироого эмне кааласан, же тилесен, Алахым ошону сага ыйгарып коюшу мумкун. Жакшы тилек айткыла, жашоонор онолот. 100% иштейт.
03.05.2018. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ой бой Гулзат, озун ошол талаптарга жооп бере аласынбы? Озу деги ХХХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-05-04 10:07:41
04.05.2018. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Nurik1988,3 баласы бар мунун
03.05.2018. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бактылуу болушсун кыргызымдын кымча бел сулуулары
04.05.2018. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
simone,койчай. Тазза элесин го
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: