super.kg logo

Бойдоктор чамдагыла! Гүлзат Мамытбек миллионер күйөө издесе, ырчы Назгүл Токтакуновага оор басырыктуу күйөө керек

 

"Тур, турагой, кыргызым" деп интернет жылдызына айланган Гүлзат Мамытбек бул ирет социалдык тармактагы баракчасы аркылуу идеалдуу күйөө табууга жардам бергиле деп кайрылган.

Анда Гүлзат айым: "Урматтуу менин баракчама катталуучулар, мага силердин жардамыңар керек. Менин кыялымдагы мырзаны жолуктурууга жардам бергиле. Эгер сен ошондой эркекти жолуктуруп калсаң, ага мен жөнүндө кабарлап кой. Ал деле мени издеп жүргөндүр. Экөөбүздүн табышып калышыбызга себепкер бол!" - деп кайрылуу жасаган.

Жолдошум болчу адамга 40 талап:

1. Позитивдүү;

2. Перспективдүү;

3. Койгон максатына умтулган;

4. Шайыр;

5. Күч-кубаттуу;

6. Дайыма жылмайып жүргөн;

7. Бийик максаттарды койгон;

8. Адамдар менен бат тил табышкан;

9. Өзүн жана башка адамдарды сүйгөн;

10. Жардамга муктаж адамдарга кол сунган;

11. Дайыма билим алууга умтулуп, өзүн өстүрүүнүн үстүндө иштеген;

12. Жаш балдарды аябай жакшы көргөн;

13. Келбеттүү;

14. Бою узун (170 сантиметр);

15. Камкор;

16. Берилип сүйгөн;

17. Жакшылыкты билген;

18. Англис жана чет тилдерде сүйлөй алган;

19. Бир нерсени тез өздөштүрүп кете алган;

20. Үй-чарбасындагы иштерди жасоого жардам берген;

21. Менин эркиндигимди чектебеген;

22. Мага суктанган;

23. Менин баштаган ишиме колдоо көрсөтүп турган;

24. Акылман;

25. Терең ой жүгүрткөн;

26. Чынчыл;

27. Маданияттуу, сылык (мега маанилүү!);

28. Тыкан;

29. Чыгармачыл;

30. Тамеки чекпеген, алкоголдук ичимдиктерди ичпеген;

31. Жароокер;

32. Кумарлуу;

33. Мээнеткеч, жакшы жыйынтык үчүн иштеген;

34. Жеңилбес;

35. Ишенимдүү жана берилген;

36. Уюштуруучулук жөндөмгө ээ;

37. Башка адамдардын позициясын жана диний ишенимин сыйлаган;

38. Менден да көп акча тапкан;

39. Жеке ою менен позициясы так болгон;

40. Миллионер болуп, миллион адамга жардам берем деген эркек болушу керек.

Ал эми Кыргыз шоу-бизнесиндеги атактуу, башы бош айымдарыбыз болочоктогу жолдошун кандай элестетет деген сурамжылоо жүргүздүк.

Фарида Карбозова, ырчы: "Келечектеги жолдошум билимдүү болушу керек"

"Мен үчүн адамдык сапаты биринчи орунда турат. Ал чынчыл, март, чечкиндүү болушу керек. Анан дагы сүйүүсү күчтүү болуш керек. Себеби сүйүү болсо көп кемчиликтерге көз жумуп коёсуң. Келечектеги жолдошум билимдүү болуусун каалайм. Анткени билими болсо бардык жерден жумуш таап, үй-бүлөнү багып кете алат", - дейт.

Асел Касымова, ырчы: "Болочоктогу жолдошум билимдүү жана келишимдүү болот"

"Мурда келечектеги жолдошум мындай болуш керек, тигиндей болуш керек дечүмүн. Азыр берилип сүйгөн мырзаны күтүп калдым. Анан дагы келечегин ойлогон, жашоого олуттуу караган болуш керек. Эгерде максаты жок болсо, ал адамды сүйүп калсам дагы аны жаныма жолотпогонго аракет кылам. Мен сезимим менен эмес, акылым менен чечим чыгарам. Буюрса, болочоктогу жолдошум билимдүү, келишимдүү болот. Алдыга койгон чоң максаттарына жетет", - дейт ырчы айым.

Назгүл Токтакунова, ырчы: "Көп сүйлөбөгөн, оор басырыктуу мырза болуш керек"

"Менин келечектеги жолдошум биринчиден, көп сүйлөбөгөн, оор басырыктуу болуш керек. Жалжаке, сылаңкороз эмес, эркектерге таандык бардык сапаттарды алып жүргөн мырзаны жолдошум катары элестетем. Ошондой эле бою менден кыска болбошу керек. Бирок келбети сулуу болуш керек деген талап жок", - дейт ал.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(98)
03.05.2018. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кыздар кыялынардагы эркек жолугуп бактылуу болгула!
03.05.2018. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бактынарды тапкыла алтындарым
03.05.2018. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Азыркы аялдар акча деп эле жатып калышат тообо
03.05.2018. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Келбети маймылдан эле бираз сулуу болсо болот да ))))))
03.05.2018. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Алкымдары ото кучтуу экенго озору татыктуу бекен ошондой жигиттерге оздорун кузгудон бир карап жашын да эске алып койсо жакшы бодмок
Kg-samsung түзөттү 2018-05-03 15:27:44
03.05.2018. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Тур турагой гулзат мамытбек миллионер табыш керек
03.05.2018. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Миллионер куйоо тапкандар болсо сага айтпай эле оздору тийип албайт беле,акчасы эмес,акылы болсун эркектин.же анын миллиону на кино тартасынбы,озун айткандай
03.05.2018. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мен алмакмын бирок... Жашы отоле чон экен кыялымдагы кыздар
03.05.2018. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тур турагой бойдок кыздар коп экен балам! !озу да журот
03.05.2018. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жаш кыздар келечектеги дешет булар тез арада куйоо керек деш керек
03.05.2018. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Саентология бул фырка (жаман агым) сак болгула. Саентология коп мамлекеттерде тыю салынган уюм. Себеби илимдуулор изилдеп пайдасынан зыяны ото коп экенин далилдешип тыю салынган. БИЗГЕ ОЗУБУЗДУН МУСУЛМАН ДИНИБИЗ ЖЕТИШЕТ!!!! Бизге андай жаман уюм пуюм саентология паентология деген баш оору кереги жок!!!!!
03.05.2018. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
KAYRATBEK,Россияда да запрешать этилген бул сектага.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: