super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков: "Түндүк-түштүк" маселесин таңуулап жаткандарга чара көрүлөт"

 

"Түндүк-түштүк" маселесин таңуулап жаткандарга чара көрүлөт", - деп Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-майда Ысык-Көл облусунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, президент өз сөзүндө акыркы күндөрү "Жээнбеков кландык бийликти орноткону жатат" деген пикирди коомго сиңирүү аракети күчөп жатканын белгиледи.

"Ыгы келсе да, келбесе да чагымчыл максатта "түндүк-түштүк" маселесин көтөрүп жаткан топтор бар. "Түндүк-түштүк" маселесин таңуулап жаткандарды - элибиздин ынтымагын ичтен иритип, өзүнүн бузуку саясатын жүргүзгүсү келгендер деп баалайм! "Түндүк-түштүк" маселесин жабыштырып, жок жерден таңуулап жаткандарга чара көрүлөт", - деди өлкө башчы.

Айта кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-майда эки күндүк иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 14 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: