super.kg logo

3 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы. "Каза болгондордун бири жакында эле Москвадан келген" дейт тууганы

 

Бишкек-Ош унаа жолунда каза болгон 20 жаштагы Санжарбек менен учурда комада жаткан унаанын айдоочусу И.А. кырсык болгон күнү Сары-Челек коругуна бара жаткан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына алардын тууганы айтып берди.

"Мен Санжарбек жана унаа айдаган баланын тууганы болом. Кырсык болгон күнү алар Сары-Челек коругуна бара жатышкан. Ал эми унаадагы эки кыз алар менен чогуу баратканбы же жолдон түшкөн жүргүнчүбү, анысын билбейм. Азыр анын баары тергөөчүлөр тарабынан такталып жатат. Каза болгон тууганыбыз Санжарбек жакынкы күндөрү эле Москва шаарынан келген. Ал эми машинаны тууганым байкесиникин сурап айдап чыгыптыр. Кырсык эмнеден улам болгону боюнча так маалыматтар жок. Бирок унааны көргөн кишилер катуу ылдамдыкта келе жаткан окшойт дешүүдө. Ал эми машинанын рулунда болгон тууганыбыз учурда комада жатат. Каза болгондор жерге бериле элек", - деди ал.

Эске салсак, 3-майда эртең менен Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктан 3 адам каза болуп, бир адам ооруканага жеткирилген. Кырсыктан каза болгондор Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын тургуну 20 жаштагы А.С., экинчиси Кара-Көл шаарынын тургуну 18 жаштагы К.А. Ал эми үчүнчү 20-25 жаштар чамасындагы кыз кишинин аты-жөнү такталбай жаткан. Ал эми унаанын айдоочусу 20 жаштагы И.А. денесинен оор жаракат алып, Таш-Көмүр шаардык ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.




кошулду





Ош-Бишкек жолунда каргашалуу кырсык: 18-20 жаштагы 3 адамдын өмүрү кыйылды

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(9)
SUPER.KG видео
03.05.2018. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул Таш-Кумыр шаарынын чуйут сайдан баштап шамалды сайга чейин камера орнотуу керек
04.05.2018. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Сары-Челек демекчи, Сары-Челекке барууга тыю салуу керек. Ал жер корук болсо, бирок эртеден кечке жуздогон машине, миндеген адам барып коруктун тоз-тополонун чыгарып, мас болушуп окуруп бакырып, тоодой мусор калтырып, сууну булгап, жаныбарларды уркутуп жатышат.

Капа болбогула го, бирок бизде, кыргыздарда эс алуу маданияты дээрлик жок. Чочкого окшоп эс алышат.

Сары-Челек коругуна кирбизбей жаап салуу керек, 5-10 жылга мораторий киргизип. Болбосо баары жокту талкалап жа
04.05.2018. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
fantomas,созуно кошулам бизде эс алганды билбейт дароо чочкого айланып калат. Москвада кыргыз кафеде ар кун мушташ жок жерден кыргыз кыргызды токмоктойт эс алганы конул ачканы жердештеримди коройн деп барасын бирок кайда дейсин чочкокана болуп кетет охраналары кызын менен барсан кызына тийишет анан жон турбайсын да бирдеме десен чоодой болуп жыйылып токмоктойт. Башка эч бироого тийише албайт кыргызды кыргыз корсо бир жери кычышабы билбейм качан барба мушташ
04.05.2018. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Кара Кульдыктар Сары Челекке баратса каяктан журуп Шамалды сайга барып калышкан?
05.05.2018. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jibew,Кара-Көл Жалал-Абадга карайт. Шамалды-Сай аркылуу Аксынын Сары-Челегине барышат!Сен Ысык-Көлдөгү Кара-Колду айтып жатасыңго адашпа(А) менен(Ө) айырма берет! Кичинекей кыргызстандык жерлерин билбейсиң жакшылап билип ал.
Azatbek.Svoboda. түзөттү 2018-05-05 11:31:36
04.05.2018. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ким айтты силерге Сары Челеке кетип аткан деп?Күнөөлөрүн көтөрбөгүлө.Өздөрүнөн башка эч ким билбейт.Менин аяш кызым бар арасында.
05.05.2018. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bakyt7492,Сен эмне окубай эле комментарий жаза бересинби?Тууганы айтып атпайбы Сары Челек коругуна баратышкан деп.
05.05.2018. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
meni_kut,мен да ошол кара көлдөн болом.Ооба Россиядан келгени чын.Бирок Сары челеке эмес Жалал абаддан келе жатып болгон
05.05.2018. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
meni_kut,калган чындыкты айдоочу жакшы болгондо билесиң.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: