super.kg logo

Дүйнөлүк рекорддорду жаңылап, көрүүчүлөрдү күлдүрүп да, ыйлатып да жаткан "Өч алгычтар: Чексиздик согушу" тасмасы

 

4-майда КМШ өлкөрүндө эң алгачкылардан болуп Бишкек шаарында "Марвел" дүйнөсүнүн сүйүүчүлөрү көптөн күткөн "Өч алгычтар: Чексиздик согушу" тасмасынын бет ачары болуп өттү.

Тасманы көрүүгө келген адамдардын санын көрүп бул тасма АКШда жана Орусияда жараткан кассалык жыйноо боюнча ийгилигин кайсы бир деңгээлде Кыргыз өлкөсүндө да кайталай алат деген ойго келдик. АКШда алгачкы көрүүчүлөргө 2-майда тартууланып, 2 күндүн ичинде тасма 258 миллион доллар киреше алып келген. Азыркы тапта тасманын дүйнөлүк көрсөтүүлөрдөн алып келген кирешеси 808 миллион долларды түзгөнүн чет элдик басылмалар жазууда. Ал эми бул тасманы тартуу үчүн 500 миллион доллар сарпталганын тасманын режиссёрлору Энтони жана Жо Руссо буга чейин берген интервьюларында билдирген.

"Марвел" дүйнөсүнө саякат башталганда эле алгач экранга сырткы келбети мурунку бөлүктөрүнө караганда өзгөрүүлөргө дуушар болгон, бирок көпчүлүк сүйгөн каармандар пайда болду.

"Өч алгычтар" тасмасынын бул бөлүгү мурда-кийин бири-бирине жолукпаган "Марвел" дүйнөсүнүн каармандарынын башын бириктирген. Анда тасманын мурунку бөлүктөрүнөн таанымал болгон баатырлар Танос аттуу терс каармандын чексиздиктин 6 ташын чогултуп алууга жана алардын жардамы менен ааламда жашаган тирүү жандардын жарымын жок кылуу максатына каршы турушат.

Тасма 2 саат 30 мүнөткө созулат. Бул убакыт ичинде каармандар бири-бири менен таанышып, өз ара тамашалашканга жана атаандаштары менен салгылашканга жетишет. Эгерде көрүүчү мурда "Марвел" дүйнөсүнүн бир дагы тасмасын көргөн эмес болсо, анда аталган тасманы толугу менен түшүнүп көрө албайт. Анткени тасмада мурдагы бөлүктөрдө болгон окуялар да уланат. Негизинен тасманын аталган бөлүгү чыныгы "Марвел" дүйнөсүнүн сүйүүчүлөрүнө арналганын кино жаатында адис эмес адамга да көрүнүп турат.

Тасманын окуяларынын көптүгү, каармандардын бир максат үчүн биригиши бир дагы көрүүчүнү кайдыгер калтырган жок. Ар бир көрүүчү каармандар менен биргеликте күлүп да, ыйлап да жатты. Ар бир кармашты жеңиш менен жыйынтыктаган баатырларды көрүп көнүп калган көрүүчүлөр үчүн тасманын аягы күтүүсүз жана таң калычтуу болду. Көрүүчүлөрдүн сезимдерин көрүп, эч ким мындай жыйынтыкты күтпөгөнүн айтса болот.

Жер жүзүн, бүтүндөй ааламды дайыма ар кандай апааттардан, кол салуулардын сактап келген баатырлардын дагы бир окуясын көрүп, алардын дүйнөсүнө саякаттап келүү үчүн бул тасма эң мыкты мүмкүнчүлүк.

Кино сүйүүчүлөргө айта кетчү кеңеш тасма бүткөн соң дароо туруп кетпестен кино жаратуучулардын аттары жазылган саптар бүткөнчө күтө туруңуз. Анткени алардан кийин сизди эң негизги бардык суроолорго жооп берген бөлүк күтүп турат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(13)
05.05.2018. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Интернетке чыкты деп жүрдү элего?
05.05.2018. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ernic,оа чыкты мен бугун кордум аябай кызыктуу экен менин сунушум ушул кинону коргуло
05.05.2018. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Фантастика кинолорду коргучо корбой эле коюш керек...
05.05.2018. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Индийский коргуло андан коро.Романтика
05.05.2018. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эң соонун кино курманжан датка мен үчүн башкасын билбейм.
05.05.2018. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Баягы бешбармак менен чучуктан бир дайыны барбы же мен артта калдымбы жанылыктан.Киминер билесинер эмне болгонун?
05.05.2018. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
33SUUN, Тилеке каршы кирбей калыптыр
05.05.2018. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Atas,сага ким айтты?!
05.05.2018. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
33SUUN,Ал беш бармак чучук кирбей калган.Себеби ошол жердеки адамдар Кыргызча эмес англис тилинде сүйлөшү керек экен эле.Анан ошолордун сүйлөгөнүн которттурабыз деп чуркап жүрүшөт эле.Гиннестин китебине жаза турган кишиге да чучук учадан берип жибериш керек эле да.
05.05.2018. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мага эротический кинолор жагат.
05.05.2018. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
iryi1,"Пят десять оттенков серого"(темного,свободы) ушуларды кор жыргап аласынго
05.05.2018. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iryi1, а коргондон коро практика жузундо кылып коргон жакшы го
05.05.2018. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анча деле купулума толбоду.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: