super.kg logo

Менин жерим: Бул дүйнөгө келбепсиз, Маргун айылынын килемдерин көрбөпсүз!

 

SUPER.KG порталы сиздин айылыңыз тууралуу кызыктуу баяндаманы чагылдырууга даяр. Сиз жашаган айылда же шаарда кооз жаратылыш, тарыхый баалуу жай, өнөрлүү адамдар барбы? Балким, эл уга элек, көрө элек көп кызыктар сиздин айылыңызда бар чыгар. Аны бардык окурмандарга бөлүшүүнү, жумурай журтка жарыялоону сунуш кылабыз.

"Менин жерим" рубрикасынын алгачкысы Баткен облусундагы Лейлек районунун Маргун айылы жөнүндө болот. Аталган айыл килемдин мекени катары даңкталат.

Айылындагы бул уз-чеберчилик тууралуу жергиликтүү тургун Роза Базарбаева айтып берди.

- Биздин айыл Баткен шаарынан 245 чакырым алыстыкта Лейлек районунда жайгашкан. Айылда 700дөй кожолук, 2 миң 500дөн ашык тургун жашайт. Менин айылымда көпчүлүк килем согуу менен тиричилик өткөрүшөт. Ошондуктан Маргун айылын килемдин мекени деп аташат. Килем согуу - айылыбызда муундан муунга өтүп келе жаткан өнөр. Айылдагы кыздар 12-13 жашынан тартып чоң энелерден килем согууну үйрөнүп өсөт. Башка жактан келген келиндер да бул өнөрдү өздөштүрүп алышат.

- Биздин килемдердин баалуулугу эч качан сапатын жоготпогонунда. Айрым үй-бүлөлөрдө 100 жылдан бери сакталып келе жаткан килемдер бар. Жадакалса, алардын өңү да өзгөргөн эмес. Мына, бул килемге 45 жыл болду.

- 2005-жылдан бери Бишкекте жана Чолпон-Ата шаарында "Оймо" фестивалы өткөрүлүп турат. Маргунда токулган килемдер фестивалдын көркүн ачып, аны Америкага, Орусияга, Японияга алып кетишет. Мындан тышкары 2006-жылдан бери жыл сайын Бишкек шаарындагы Тарых музейинде "Лейлек килеми" көргөзмөсү өткөрүлүүдө. Айылдаштарыбыз ага да катышып турушат.

- Килем согууга койдун жүнү колдонулуп, ал тазаланып, жыты кеткиче жуулат. 1 килем 1 жумада, кээде 15 күндө даяр болуп, сатыкка чыгат. Ага түстү да өзүбүз берип, оюуларын түшүрөбүз. Мунун баары килем согуучунун тажрыйбасынан, фантазиясынан көз каранды.

Килемдер 25 миң сомдон 40 миң сомго чейин, кээде андан да жогору баага көлөмүнө жараша сатылат. Килемдерден тышкары унааларга салына турган чакан килемчелерди, кыздарга сеп жасагандар да бар.

Айыл тууралуу айта турган болсом, 1 мектеп, 1 бала бакча, маданият үйү, токой чарбасы бар. Айылыбыз тынч, жашоочулар ынтымактуу.

Урматтуу окурман, сиз да айылыңыз тууралуу сыймыктанып айтып бергиңиз келеби? Анда SUPER.KG порталына, +996 557 473 939 номерине WhatsApp аркылуу маалымат, сүрөт, видео жөнөтүңүз.

Ар бир айыл атак-даңкка татыктуу!


кошулду





“Менин жерим": Килемдер менен атагы чыккан Маргун айылы

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 13 
Комментарийлер(16)
09.05.2018. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Сонун килемдер соз жок.....
09.05.2018. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
биздин айылга соз жокта
09.05.2018. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Өнөрүңүздөр өркүндөй берсин маргунүк туугандар буйруса менда жакын арада айылым тууралы жөнөтөм .биздин айыл кызыктуу жер жана кол өнөрчүлөр бар.
09.05.2018. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ыньымактуу айылынар бар экен,колунарга береке!
Кыргыз элин дуйного тааныта бергиле!
09.05.2018. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Супер инфо ушундай макаланы көптөн бери күткөнмүн и бир нече жолу сунуштаганмын силерге.Эч болбосо да кеч чыкканына кубанычтамын.Айылдагы кары картаңдардан,келин кесектердин да ойлорун интервьюларын жазсаңар.ФАП,мектеп жана ошондой эле мамлекеттик жана мам.к эмес мекемелер жетишккндиктер кемчиликтер жөнүндө да жазып гезитиңердин бир бетин айылга арнасаңар.Бекеринен айтылбайт "Ааламга кеткен жол айылдан башталат"деп.Менин айылымы дагы күтөм .Биздин айыл,Менин айылым,Айылдагы жашоо ж.б.у
09.05.2018. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чыныгы кол эмгек
10.05.2018. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ааламга жол айылдан башталат, 12-13 жашында чон энелердин насаатын осуп чонойгон кыздар, келечекте таза кандуу тарбиялуу уул кыздарга мыкты эне, жолдошуна татыктуу аял болушат. Эн улгулуу айыл экен. Ошол жакка барып жашагым келип кетти кандай соонун айыл элдери дагы ынтымактуу.
10.05.2018. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Колуңарга береке!!!
10.05.2018. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсыңар чынында сонун килемдер экен колуңарга береке бирок айлыңардын атын кыргызчага которгула эртең анан жер эле деп таджиктер талашат чынында коп айыл шаарчалардын аты тадикче экен даргаз дархум
aerforce түзөттү 2018-05-10 10:57:03
10.05.2018. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Роза аябай соонун баяндап берипсин! Чындыгында мактанаарлык,сыймыктана турган жерибиз бар,элибиз бар! Маргун айылы жонундо канчалык мактап жазсакда аздык кылат.
SUPER.KG видео
10.05.2018. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин айылымгоо
11.05.2018. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ат-Башы районундагы Баш-Кайыңды айылына баргыла кызыктар бар сопсуз менин айылым
11.05.2018. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
anandi,сен озун барып тартып баяндап супер кжге жонотосун тууганым
11.05.2018. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул дүйнөгө келгенбиз маргун айылынын килемдерин көргөнбүз
11.05.2018. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонунго
11.05.2018. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канча гилем сокконум эсимде жок коп соктум
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: