super.kg logo

Жалал-Абад ОИИБи: "Базар-Коргондогу автобекетте 19 жаштагы жигитке бычак сайган адам кармалды. Окуя болгон учурда ал мас абалында болгон"

 

Базар-Коргондо автобекетте 19 жаштагы жигитке бычак сайган адам кармалды. Окуя болгон учурда шектүү мас абалында болгон. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Автобекетте 19 жаштагы жана 24 жаштагы Арстанбап айылынын тургундарынын ортосунда жаңжал чыккан. Алар маршруттук каттамды күтүп турушуп жаңжалдаша кетишкен. 24 жаштагы адам мас абалында болгон, жаңжалдын аягында 19 жаштагы адамга бычак сайып салган. Ал алган жаракатынан улам ошол жерде каза болгон. Бычак сайган адам тергөөдө базарга соода кылганы келип, бычакты да ошол жерден сатып алып үйүнө алып бара жатканын айткан. Учурда шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга жеткирилген, иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Айта кетсек, буга чейин окуянын күбөсү "Базар-Коргондо маршруттук таксиден чыр чыгып, жүргүнчүлөрдүн бири далысына сайылган бычактан каза болду", - деп кабарлаган эле.


кошулду





Базар-Коргондогу бычакташуудан 19 жашар жигиттин өмүрү кыйылды

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(12)
07.05.2018. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кыргызчылык, тосмо арыз дебестен камагыла... Алкымы чон соттор пара берсе 1-3 жыл, кааласа 5-10 жыл да соттук отурумду созуп журо беришчу эле, баары айдан ачык болсо да...

Камалып жазасын алсын, бироонун чырактай баласын олтуруп коюп отурат...
07.05.2018. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
fantomas пикиринерге кошулам,жазасын алсын.Энеси шордуу кантти экен...
07.05.2018. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бычакты базардан алса да жөнөкөй адам мас болсо да сайгандан коркот, өлтүрүп убалына калбайын деп. Бул бычакты дайыма жанында алып жүргөн кылмышкер окшойт.
07.05.2018. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кудай озун сактай кор. Жайы жаннат болсун !
SUPER.KG видео
08.05.2018. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой тобо 10гулунон бир гүлү ачыла эле жапжаш жигит э кайран өмүрү кыйылды бир ахмактын айынан.жазасын алсын ...
08.05.2018. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Милициянын санын кобойтуп ошол вокзалда бир экоону айландырып койсо, милицияны коруп деле кичине сезгенет эле, россияда любой кычыкта чочулап турасынго келип калат деп
08.05.2018. 08:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Видеокөзөмөлдө көрүнүп турбайбы,ал жерде эч кандай жаңжал чыкпай эле жөн эле турган баланы айыпталуучу ары басып бери басып бычактат салат,айбан
08.05.2018. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
eddi.,ошону айтсан жанжалдашбай эле , террористей болуп ,кыргыз эмес го сайган Адам, мойнуна матырып матырып эле алды го
08.05.2018. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озубуздун эле Кыкелерибизби??Же туугандарданбы??Кимиси болсо да жаман иш болуптур.
08.05.2018. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Видеокозомолдо корунуп турат, эч кандай жанжал болбой эле, кылмышкер атайылап андып турган артында, эки-уч жолу эки жигиттин жанына басып келип кайра артка баскан, жанындагы дос жигит басып кетээри менен кол салган, мас да эмес, атайлап пландап, андып жасалган кылмыш. Бироонун бойго жеткен чырактай баласын жок кылды ата-энеси боздоп,сыздап отурушкандыр байкуштар.Жигиттин жайын жаннаттан кылсын Аллахым.Кылмышкер эн оор жазага тартылсын, олум жазасын киргизуу керек.
08.05.2018. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атайын ӨЛТҮРГӨН, видеокамерага тартылып калган,андып анан сайып таштаганы көрүнүп турат...
08.05.2018. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аракты тескери окусан кара болот, Ошол карага азгырылган адамдын аягы жаман болот. Жургон жеринен чыр чыгат, ден-соолугунан ажырап, Акыры аргасыздан олуп денесинен жаны чыгат. Ошол учун такыр ичпегиле колунарга да албагыла!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: