super.kg logo

Абдышүкүр Нарматов белгисиз адамдар үйүнө кирип, уулуна ок чыгарган окуянын чоо-жайын айтып берди

 

3-май күнү Аалымдар кеңешинин төрагасы, дин ишмери Абдышүкүр Нарматовдун үйүнө уурулукка кирген белгисиз эки адамдын огунан 21 жаштагы уулу жабыркаганы кабарланган. 7-майда Абдышүкүр Нарматов SUPER.KG'ге окуянын кандай орун алганын айтып берди. Анын айтымында, уурулардын бири качып бараткан кезде көчөдөн кармалып калган. Аны бошотуп алуу үчүн экинчиси келип травматикалык тапанчадан бир канча ирет ок чыгарган.

"Окуя болгону анык. 2-майдан 3-майга караган түнү кадимки эле адамдардын үйүнө уурулукка кирип жүргөн эки адам менин да үйүмө кирген. Алар түнкү саат 2ден баштап башка кошуналарымдын үйүнө кирип, 4:40 чамаларында менин үйүмдүн короосуна киришкен. Алардын уурулук аракеттери башка үйлөрдөгү видеокөзөмөлдөргө түшүп калган. Короого кирген кезде үйдүн алдында токтоп турган уулумдун унаасынын терезесин темир лом менен сындырып, уулумдун унутуп калган капчыгын алышкан.

Унаанын терезеси сынган кезде мен чыны же терезе сынгандай болгонун байкап, чыга калып короонун жарыгын күйгүзөрүм менен эки адам качты. Бирөөсү дубалдан көчө тарапка ашып өтүп качып кетсе, экинчиси менин үйүмдөн кошунамдын үйүнө өтүп, кайра көчөгө чыкканда артынан жетип бардым. Чыгып баратып колума чоң шыпыргынын сабы илешип калды эле аны менен бир-эки жолу чапсам жерге жыгылып калды. Артымдан уулум чыгып калды. Ал уктап жатканда апасы "атаң чыгып кетти, артынан чурка" деп ойготуптур. Уулум келгенден кийин качып кеткен ууру шеригин алып кетүү үчүн кайтып келип, биз тарапты көздөй травматикалык тапанчадан бир нече жолу желим ок чыгарды. Анын бири уулумдун бутуна тийип өткөн. Кандай учур болбосун деп уулумду доктурга алып барып көрсөттүк. Доктур бутун тазалап кайра үйгө жиберген. Болгону ошол. Милиция келип ок атылган жерден травматикалык тапанчанын төрт гильзасын тапты. Учурда ууруларды издеп жатышат", - деди Абдышүкүр Нарматов.

Дин ишмери кабар жазуу өтө жоопкерчиликтүү иш болгондуктан айрым маалымат каражаттары 3-май күнү үйүндө болгон окуяны туура эмес багытта жазып жатканын сынга алды.

"Айрым маалымат каражаттары өздөрүнө окурман топтоо үчүн "Абдышүкүрдүн уулун атып кетишти" деп туура эмес маалымат таратып жатышат. Чындыгында андай эмес, желим ок болгондуктан буту жөн гана кызарып калган. Милицияга чалып эмнеге мындай маалымат таратканын сурасам, алар "биз берген жокпуз" деп айтышты. Ислам дининде калем жана калем менен жазылган нерсе өтө маанилүү. Кээде бир калем менен бир мамлекетти өнүктүрүп же бир үй-бүлөнү бузуп коюу мүмкүн. Ошондуктан бармагың менен жазган нерсени эртең Кудай алдында өкүнбөй тургандай болуп жазыш керек", - деди Нарматов.


кошулду





Дин ишмери Абдышүкүр Нарматов: “Уурулар качып баратып уулум экөөбүзгө ок чыгарышты“

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(15)
07.05.2018. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Аллаh жазасын берсин уурулардын
07.05.2018. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мен да атып кетти десе, "бутунан жаман жаракат алганго"о деп ойлогом
07.05.2018. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эми аалымдар калдыбы тонобогонуңар(
07.05.2018. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-76
Динчилдердин артынан ээрчимей жок. Ээрчиме болбойлук кыргыз элим кооз создордун артынан.
pat12 түзөттү 2018-05-07 17:39:06
07.05.2018. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
pat12, дин жолуна тушпой эмне каапыр бололубу сага окшоп
07.05.2018. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
pat12, провокация жараткан билдирүүлөрдү жазууга жол берилбейт!
07.05.2018. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Уурулардын жазасын Аллах берсин. Бул дуйнодо болбосо да, акеретте куноокорлор жазасын алышат. Чындыгында бугун кылган ар бир ишибиз учун жооп берчу кун бар...
07.05.2018. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мусулман бир туугандар сабырдуу болгула. Аалымдарга жаман соз айткан эч онгон эмес.

Баары отуп кетет.

ХХХХХХХХХ

Бизге араптар улгу эмес бизге Пайгамбар алейхис салам улгу.
Десем
Дагы айтасынар Пайгамбар алейхис салам арапко деп.
ХХХХХХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-05-08 14:24:13
07.05.2018. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-20
Кооз диний создорду куумай жок.
08.05.2018. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах шыпаа берсин уулунузга. Илиминизге береке. Сизди сыйлайбыз.
08.05.2018. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Сак болунуз Абдышукур ажы. Сиздин акыркы жылдары жыйган байлыгыныз тууралуу интернетте жазылып журот. Ууруларга жакшы информация да. Ачык чыгарып, декларацияныз менен коомчулукту тааныштырып койсонуз кантет? Аалым киши тазалыгы менен ээрчитиш керек го дейм элди
SUPER.KG видео
08.05.2018. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмне мынча кее бир адамдар Аалымды жаман коросунор силерге эмне кылды жеп жаткан нанынарды тартып алгандай жамандап жазыпсынар кайра суйунсок болотко бизде ушундай күчтүү Аалымдарыбыз бар экенине, алар дайыма бизге жараткан Алланы естетип жакшы насааттарын айтып туура жолго ундоп келет, бул жерде дин жонундо соз болгон жок адамдын уйуно кирип урулук кылып уй эси зыян тартканын айтып жатат жондон жон эле дин жонундо жамансоздорду жаза бербесенер соз ээсио табат.
SUPER.KG видео
08.05.2018. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эгер азыр бул адам Аалым эмес жонокой эле, жабыр тарткан адам болгондо бул жерде жаман коруп жазган адамдар башкача кылып жакшы создорду жазсанар керек эле сабыр кылын деп неге Аалымдарды жаман коросунор тообаа. Баарыбызга Аллахым ушул Аалымдардын ыйманындай кучтуу ыйман ынсап берсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: