super.kg logo

"Супер хитке" ырчы Анжеликанын "Жаным сага баратам" клиби кошулду

 

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул ирет сынактан четтетилген чыгарманын ордуна ырчы Анжеликанын "Жаным сага баратам" видеокомпозициясы кошулду.

"Азыр мен "сүйүү - бул жаштар үчүн" дегендей эле ой жүгүртө баштадым. Ушундай бир курак болот окшойт. Эмнегедир сүйүү темасында ырдагым келбей жаткан, бирок ырдын клибинин сценарийи кызыктуу болгондуктан жумушту аягына чыгардым", - дейт ал.

2-МАЙДАН 9-МАЙГА ЧЕЙИН ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ

10-орун - Кенже Дүйшееванын аткаруусундагы "Апакем" чыгармасы бул аптада эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.

9-орунда - Ильяз Абдыразаковдун аткаруусундагы "Сенин көзүң башкача" чыгармасы жайгашкан.

8-орун - Нурлан Насиптин аткаруусундагы "Мени унут" чыгармасына буюрган.

7-орунду - Урмат менен Нелянын аткаруусундагы "Бактылуу болуп жашайлы" чыгармасы ээлеген.

6-орун - Ильяс Кудретовдун аткаруусундагы "Өмүр, ай" чыгармасына буюрган.

5-орун - Самат Эркинбековдун "Той, той" чыгармасы мурунку аптадан 2 баскычка төмөндөгөн.

4-орунда - Чолпон Талипбектин аткаруусундагы "Ищу тебя" клиби орун алган.

3-орун - Алмаз Шаадаевдин аткаруусундагы "Эми мага баары бир" композициясы алдыңкы үчтүктөн орун алган.

2-орунда - Сайкал Садыбакасованын "Кыялымда жашайсың" чыгармасы жайгашкан.

1-орун - Мурунку жумада тизмеге жаңы кошулган ырчылар Эдил Мамтов менен Нурмат Садыровдун "Ыйлаба, жүрөк" чыгармасы көрүүчүлөрдүн көп добушуна ээ болуп, апта жеңүүчүсү аталды.

Сүйүктүү чыгармаңызыга добуш берүү үчүн бул шилтемени басыңыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(10)
09.05.2018. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
"Анжелика"нын аты жакында кочолорго коюлбаса эле....
09.05.2018. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кыргызстанда мындан башка адам куруп калыптырбы?!! Таш ыргытсан "ырчымын" дегендердин башына тийет. Ошончо ырчы туруп кайра эле ушулбу аллергияны... Же уну болсо бир жон эле, уну да жок...
09.05.2018. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Chagylgan1,Азыр акчасы коптун заманы;Акчан болсо эмгек синирген артист деле болуп аласын бир ырын менен!
09.05.2018. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Chagylgan1,чындыгында ун жок.
09.05.2018. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Анжелика, Жумагүл экөө ырдаган ырда "жакын жүрөк оолак болушпай" деп ырдашат, бирок ыр "жакын жүрүп оолак болушпай" деп ырдалышы керек эле. Же мага эле ушундай угулабы? Супер инфо тактап койсоңуздар...
10.05.2018. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Силерди бирөө карангы үйгө камап койдубу Анжеликаны окубасан чыкпайсын деп. Жакпаса кирбе окуба корбо. Бир лолуго караганда бул артык аракети бар ыр жаздырып
10.05.2018. 07:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушу ырдабай эле койсо болмок.
10.05.2018. 08:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ууухх...Урматтан эптеп ажыраштым "Жаным сага баратам"-деп ырдайбы экен??
10.05.2018. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Malik92,)) боорду эздинго, менда ошондойбу деп ойлоп аткам.
11.05.2018. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коойчай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: