super.kg logo

"Жөргөмүш адам" тасмасы аркылуу атактуулукка жеткен актриса Кирстен Данст 36 жашында эне болду

 

Америкалык актриса, модель Кирстен Данст жана анын жолдошу актёр Жесси Племонс тун наристелүү болушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, кино жылдыздары уулдуу болушкан. Учурда эне-баланын абалы жакшы экенин актрисанын жакын курбулары билдирген.

Буга чейин актриса Кристен Данст кош бойлуу экенин өткөн жылдын декабрь айында билдирген. Ал эми түгөйлөр балалуу болгондон кийин никесин мыйзамдаштырып, ушул жылдын жаз мезгилинде үлпөт той өткөрөрүн маалымдашкан.

Белгилей кетсек, жан шериктер 2016-жылы "Фарго" тасмасына тартылуу учурунда таанышып, сүйүү мамилесин курган.

Кирстен Данст 1982-жылы 30-апрелде АКШнын Нью-Жерси штатында төрөлгөн. Ал "Жөргөмүш адам", "Моно Лизанын жылмаюусу" жана башка тасмалардагы ролу менен белгилүү.

Ал эми Жесси Племонс 1988-жылы 2-апрелде АКШнын Техас штатында төрөлгөн. Актёр катары "Фарго", "Жума күндүн кечки оттору" жана башка тасмаларда роль жараткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: