super.kg logo

Пэрис Хилтонду тоногон хакер кыз соттолду

 

АКШда фотомодель, актриса Пэрис Хилтондун iCloud сервисинин аккаунтун бузуп банктагы эсеп картасынын эсебинен 2 жыл жомоктогудай жашаган хакер кыз 4 жыл 9 айга соттолду. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышкан.

Маалыматка ылайык, соттолгон хакер кыз моделди 2015-жылдан 2017-жылга чейинки аралыкта анын iCloud сервисиндеги аккаунтуна мыйзамсыз кол салып тоноп жүргөн. Мындан сырткары Хилтондун жылаңач сүрөттөрү да анын колуна тийгендиги маалым болгон. Пэристин банктагы эсебин колдонуп хакер кыз 2015-жылы Голливуддагы “Рузвельт” отелинде эс алып бир түндө 40 миң доллар короткон. Ошондой эле ал моделдин атын жамынып анын жардамчысына электрондук почта аркылуу 80 миң доллар которууну талап кылган. Пэристин атасы менен сиңдиси Никки да хакер кыздын курмандыгы болушкан.

Сотто моделдин жактоочусу хакер кыздан 318 миң доллар зыян тарткан чыгымды өндүрүп алууну жана 57 айга камоону суранган. Сот хакер кызды 4 жыл 9 айга соттоп 318 миң доллардык чыгымды төлөтүүгө милдеттендирди.

Пэрис Хилтон соттун чечимине ыраазы болуп “хакер өз жазасын алды” деп комментарий берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
09.05.2018. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балекет кызго,мага да уйротчу, мен да бир жакшы гостиницада бир ай жашайын.
10.05.2018. 08:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол хакер кыз биздин "жепжутат"-тарыбыздын чет олкодогу счетторун тоносо болмок эле.Сотко бере алышпай,ичтери ачышкан бойдон калышмак.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: