super.kg logo

Францияда тасмалардын мыктысын аныктаган Канн фестивалы башталды

 

Францияда дүйнөнүн мыкты тасмаларын аныктаган Канн фестивалы старт алды. Анда белгилүү Голливуд жылдыздары кооз кийимдери менен кызыл килемден өтүп, көпчүлүктү суктандырды.

21 тасманын ичинен мыктыларды аныктай турган калыстар тобунун башында Кейт Бланшетт турса, алып баруучулук милдетти француз актёру Эдуард Баэр моюнуна алган.

Жылдагыдан айырмаланып, быйыл 71-жолу өтүп жаткан фестивалга бир топ жаңы эрежелер киргизилген. Анда жылдыздар кызыл килемден өтүп жатканда селфи кылууга тыюу салынып, коноктордун коопсуздугу үчүн тартип сакчыларынын саны да көбөйтүлгөн.

Ошондой эле Харви Вайнштейндин окуясы эске алынып, кимдир-бирөө тарабынан сексуалдык зордук-зомбулукка кабылгандар үчүн атайын чалуу кызматы ишке кирген.

Канн фестивалы 19-майда жыйынтыкталат. Фестиваль тууралуу толук маалыматты бул шилтеме аркылуу окуй аласыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: