super.kg logo

Белгилүү музыкант, ди-джей Келвин Харрис жол кырсыгына кабылды

 

Шотландиялык музыкант, ди-джей Келвин Харрис жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, жол кырсыгы 8-май күнү Беверли-Хиллзде катталган. Анда музыканттын Range Rover унаасын сүйүктүүсү, модель Аарика Вулф айдап бара жатып Honda үлгүсүндөгү автомашинаны сүзүп алган. Кырсыктан музыкант менен сүйүктүүсү катуу жабыркаган эмес. Ал эми Honda унаасынын ичиндеги 2 кыз ооруканага кайрылууга аргасыз болушкан. Чет элдик басылмалардын жазып чыккандарына таянсак, жабыр тарткан кыздар музыканттын үстүнөн арыз жазууну көздөшүүдө.

Белгилей кетсек, Келвин Харрис - шотландиялык аткаруучу, музыкант, продюсер жана ди-джей. Ал өткөн жылы "DJ Magazine" басылмасынын жыйынтыгы боюнча дүйнөдөгү эң мыкты 15 ди-джейдин катарын толуктаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: